Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

ЭЛЧИ СТИВЕН ЯНГ: «24-МАРТТАГЫ ЫҢКЫЛАПТЫ АКШ ЖАСАДЫ ДЕП АЙТУУ – КЫРГЫЗ ЭЛИН КЕМСИНТҮҮГӨ БАРАБАР»


16-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг «Азаттык», «АКИпресс» жана «Вечерний Бишкек» гезиттерине интервью берген. Стивен Янгдын айтымында, 24-марттагы ыңкылапты АКШ жасады деп айтуу кыргыз элин кемсинтүүгө барабар. Ал эми болочок президенттин алдында болсо чоң сыноолор турат.

«АКИпресс» агенттигинин суроосу: - Анжияндагы окуяларга Америка Кошмо Штаттарынын мамилеси кандай?

- Мен Кыргызстандагы элчимин, ошондуктан ар бир сөзүмдү салмактап туруп айтышым керек. Белгилеп коюшум керек – Анжияндагы окуялар менин мамлекетимдин гана эмес, дүйнөдөгү башка мамлекеттердин дагы камтамачылыгын жаратты. Кошмо Штаттары жана ЕККУ, БУУ баштаган эларалык уюмдар Анжияндагы окуяларды эркин жана калыс карап, иликтөөгө алууга чакырып жатат.

Менимче, Өзбекстан эле эмес, сиздердин башка коңшуларыңар дагы Кыргызстанда болгон окуяларды анализдеп, андан көп нерсени үйрөнүшү керек. Акыркы 3 айда сиздердин мамлекетте жасалган иштер алдыга жасалган чоң кадам болуп эсептелет. Мен элдин саясатты, өлкөнүн быгытын жана келечегин аныктоодогу активдүү ролун айтып жатам.

Эгерде кыргыз эли саясий бул жетишкендиктердин негизинде экономикалык ийгиликтерди жарата алса анда Кыргызстан аймактагы башка мамлекеттерге эркин коом куруу жаатындагы үлгүлүү символго айланат.

«Вечерний Бишкек» гезитинин суроосу: - Ушул тапта айрымдар Акаевдин мүлкүн аныктоо боюнча комиссиянын ишин сынга алып жатышат. Бул – Кыргызстандын инвестициялык жагдайына таасирин тийгизбейби?

- Мен мага чейин элчи болуп иштеген Жон О’Киф жана анын кесиптешти немис элчиси түзгөн инвестицияны тартуу боюнча Консультативдик кеңештин мүчөсү элем. Кеңеш акыркы 4 жылда иштеди. Анын ишине мурдагы президент А.Акаев жана мурдагы премьер-министр Н.Танаев активдүү катышышты.

Жыйынтыгында Кеңеш кайсы бир проблемаларды чечүү боюнча жакшы бир ийгиликтерге жетишкен, бирок соңку убакта Акаев жана өзгөчө, мурдагы премьер-министр Николай Танаев Кыргызстандын инвестициялык абалын жакшыртуу жаатында реалдуу кадамдарды жасашкан жок.

Мен Кыргызстандын буга чейинки колдонулган мүмкүнчүлүгүнө караганда колдоно элек потенциалы чоң деп эсептейм. Ошол мүмкүнчүлүк иштеш үчүн Өкмөт сөз менен эле чектелбей, иштеш да керек.

Ишкерлер мамлекет тарабынан жөнгө салуучу система мынчалык катуу болбошун жана бизнес жасоонун эрежелери жана мыйзамдары туруктуу болушун каалашат. Алар салык инспекциясы, бажы жана башка мекеме-уюмдар тарабынан коррупцияга мажбурлаган күтүүсүз кадамдар болбосо дешет.

Эларалык ишкерлик кеңеши, ошондой эле Америкалык соода палатасы жаңы өкмөткө Кыргызстандын инвестициялык жагдайын кантип жакшыртуу керек деген маселе боюнча өздөрүнүн сунушун беришти.

Инвестицияны айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү сыяктуу тармактарга тартса болот. Мал чарба тармагын дагы жандандыруу зарыл, атап айтканда, коңшу мамлекеттерге эт сатууну колго алыш керек. Мен билгенден Кыргызстан СССР кулаганга чейин Советтер Союзуна эт сатуу боюнча алдыңкы орунда турчу. Азыр бул тармакты андан да өнүктүрүп, Кытай, Түштүк Азия мамлекеттерине, Индия жана Кытайга эт сатса болот.

Алтындан башка кен байлыктарды өздөштүрүү дагы келечектүү иштерге кирет. Жогорку технологияны өнүктүрүү, чөнтөк телефондорун, компьютерди жасоо жаатында да мүмкүнчүлүктөр бар.

Анан албетте, электр кубатын экспорттоо жаатында ири мүмкүнчүлүктөр бар, бирок ал үчүн чоң инвестиция керек. Келечектеги кыргыз өкмөтүнүн колунда ички инвесторлорду гана эмес, четтен дагы эларалык инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык шартты жакшыртуу жаатында чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

«Азаттыктын» суроосу: - «Агым» гезитине берген интевьюсунда экс-президент Аскар Акаев сизди 24-мартка чейин өтө активдүү болуп, оппозиция менен тез-тез жолугуп турду деп сынга алды, буга кандай жооп айтаар элеңиз?

- Мурдагы президент Акаевге салам жолдогум келет. 24-марттагы окуянын себепкери АКШ же башка четтен келген күчтөр деп айтуу – кыргыз элин кемсинтүү болоор эле. Болуп өткөн окуя – мурдагы президент Акаев башкарып турганда кетирилген кемчиликтердин жана көп жылдар бою топтолгон проблемалардын жыйынтыгы болду. Ал эми Кошмо Штаттарынын ишмердүүлүгүнө келсек – биздин бул жердеги ишибиз тууралуу көп кишилер менен аны талкууладык, анын ичинде Акаева айым да бар. Ал мени оппозицияны катуу колдоого алып жатасыз деп күнөөлөгөн. Мен ага «биздин бул жердеги ишибиз өлкөдөгү баардык саясий күчтөр менен карым-катышта болуп, демократияны колдоого багытталат» деп айткам. Мен Кыргызстандагы Курманбек Бакиев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана башка көптөгөн адамдар менен пикир алмашып турдум жана аларды Акаев оппозиционерлер деп атачу. Мен өкмөттүн өкүлдөрүнөн тышкары өлкөдө эмне болуп жатканын билиш үчүн башка көз караштагы адамдар менен да жолугуп турганым маанилүү болду. Менин баардык ишмердүүлүгүм кайсы бир конкреттүү саясатчыны эмес, жалпы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталды. Азыр дагы мен Кыргызстандагы коомчулуктун баардык өкүлдөрү менен пикир алмашып жатам.

Мен 15 жыл ичинде мурдагы президент Акаев жараткан ийгиликтерге тарыхчылар өз баасын берет деп ойлойм. Бирок акыркы бир жарым жыл аралыгында президент Акаев менен сүйлөшкөн темабыз - өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү чыңдоо үчүн ал эмне кыла алат деген маселе болгон. Биздин пикир алмашуубуз негизинен эки маселеге арналчу. Мурдагы президент «быйыл өтө турган президенттик шайлоого катышпайм» деп так кесе жана эки анжысыз айтышы керек эле. Ошондой эле ал парламенттик жана президенттик шайлоо маалында шайлоо принциптерин бекем сактайм деп ишендириши керек эле. Бирок мындай кадамдарды жасабай койгону анын өз элинен алган соккусунун негизги себеби болду окшойт.

«АКИпресстин» суроосу: - Америка өкмөтү колдоп келаткан «МСН» гезити азыр өкмөттүк гезиттей болуп калды. Буга Сиз кандай карайсыз?

- Биз баардык маселелер объективдүү талкууланыш үчүн массалык маалымат каражаттарында ар кандай пикирлер айтылса деп – ошого умтулабыз. Азыр эми шайлоо алдындагы үгүт иштери жаңы эле башталды. Эми мен массалык маалымат каражаттарында баардык талапкерлердин көз караштары чагылдырылат деп үмүттөнөм. Мен массалык маалымат каражаттары өкмөттүн ишин дагы, эгер кемчилик кетирсе аны дагы айтат деп ишенем.

«Вечерний Бишкектин» суроосу: - Сиз биздин мамлекеттен кетип жатасыз. Качан аттанып жатасыз жана Сиз эми кайда иштейсиз?

- Мен бул жерде июлдун аягына чейин болом. Андан соң АКШга барып, ал жерден жаңы дайындоо алам. Мага бул жерде жакынкы апталарда болуп, президенттик шайлоонун өтүшүн жана Кыргызстандын жаңы президентин көрүү өтө кызык болуп турат. Мага эркин жана таза өткөн шайлоонун жыйынтыгында шайланган жаңы президенттин ант берүү аземине катышуу дагы өзгөчө жагымдуу болмок. Тарыхчы катары мага Кыргызстандагы тарыхый окуялардын күбөсү болгонум өтө жагымдуу болду. Сиздер билесиздер – Ак үй АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси кылып Мари Йовановичти дайындоону чечти. Эми ал Сенаттан бекиши керек. Мен аны 10 жылдан бери билем. Биз аны менен 90-жылдардын ортосунда Москвада чогуу иштегенбиз. Мен анын ийгиликтерин кызыгуу менен байкап келдим. Йованович айым дүйнөнүн ушул аймагы боюнча мыкты эксперттердин бири болуп эсептелет. Ал Москвада жана Киевде иштеген. Менимче ал бул жерде мыкты элчи болуп иштейт жана мага анын дайындалышы гендердик теңсалмактуулукту сактоо болгону да жакты. Ал Кыргызстандагы алтынчы элчи жана Кыргызстанда иштеген элчилер арасынан үчүнчү элчи аял. Мен ал биздин мамлекеттердин кызматташтыгын чыңдайт деп ишенем.
XS
SM
MD
LG