Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

ПАРЛАМЕНТ ЖОГОРКУ СОТ СУДЬЯЛАРЫН КЫЗМАТТАН АЛУУГА МАКУЛ ЭМЕС


Бакыт Аманбаев, Бишкек Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар Жогорку сот имаратын ээлеп алышып, Жогорку сот төрагасын кызматтан кетүүсүн талап кылуусун токтотуша элек. Жогорку сот судьяларын кызматтан алуу эрежеси абдан татаал болгондуктан, убагында Жогорку сот төрагасы кызматтан кетүү боюча арыз берсе да ал кызматтан алынбай калган. Ал эми парламенттин 17-июндагы отурумунда Жогорку сот судьяларын кызматтан кетирүүнү жеңилдеткен мыйзам долбоору талкууланып, кабыл алынбай калды.

Жогорку соттун тегерегиндеги чыр-чатак парламенттик шайлоодон кийин башталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү март ынкылабынан кийин дароо эле Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүшкөн. Баш мыйзамдын 81-беренесине ылайык Жогорку соттун судьялары Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин макулдугу менен гана кызматынан бошотулат деп жазылган. Тагыраак айтканда Курманбек Осмоновду кызматтан кетирүү үчүн Жогорку Кеңештеги 75 депутаттын 51 депутаты макулбуз деп добуш бериши керек эле. Буга байланыштуу убагында Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү боюнча арыз берсе да парламентте кворум жок болуп, ал кызматтан алынбай калган. Ал мезгилде Курманбек Осмонов өз арызын кайтарып алган.

Парламенттин 17-июндагы отурумунда Жогорку соттун судьяларын кызматтан алуу эрежелерин жеңилдетүүнү шарттаган мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев буларды билдирди:

- Жөнөкөй судьяны элүү добуш менен боштобуз. Өзүңүздөр көрүп тургандай судья өзү каалап турса да элүү добуш алыш кыйын. Ал эми Конституцияга ылайык бул эрежени жеңилдетүүгө болот. Ошондуктан мен бул мыйзам долбоорун сунуш кылып жатам.

Мындай мыйзам долбоорун кабыл алууга Жогорку соттун чечими менен депутаттык мандат алган айрым депутаттар каршы болушту. Алардын бири, Токтогул аймагынан шайланган депутат Тайырбек Сарпашев мындай деди:

- Бул маселени Жогорку соттун айланасындагы ызы-чуу токтолгучакты койо туралык. Бири-бири менен байланышып кырдаал курчуп кетип жүрбөсүн.

Ал эми Өмүрбек Текебаев бул Конституциялык мыйзам долбоору экендигин айтып, аны биринчи окууда кабыл алуу зарылдыгын түшүндүрдү:

- Урматтуу депутаттар, бул мыйзам - коомчулук талап кылып жаткан мыйзам. Азыр биринчи окууда кабыл алып койолу. Кийинчээрек экинчи окууда кабыл алабыз.

Андан соң долбоор добушка коюлуп, залда отурган 53 депутаттын 45и гана колдогондуктан мыйзам долбоору кабыл алынбай калды. Бул боюнча депутат Жантөрө Сатыбалдиев мындай деди:

- Бул маселе өтө маанилүү. Элдин арасында абдан сөз болуп жатат. Азыр бул жерде анча-мынча саясат болуп, мыйзам долбоору өтпөй калды. Ошондуктан бул мыйзамга дүйшөмбү күнү кайра келели.

Жантөрө Сатыбалдиевдин мындай сунушуна Алайдан шайланган депутат Марат Султанов каршы болду:

- Мыйзам долбоору бир өтпөй калгандан кийин регламент боюнча аны кайрадан экинчи жолу добушка койбош керек. Бул туура эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламентте бир жолу кабыл алынбай калган мыйзам долбоору экинчи жолу кайрадан алты айдан кийин гана каралат.
XS
SM
MD
LG