Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

КЫРГЫЗ КЫЛ АРКАНЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Кыл аркан – кыргыз элинин күндөлүк керектөөчү буюмдарынын бири. Кыргыздар эзелтен бери кыл арканды мал байлоодо, боз үйдүн жабдууларында, ат чылбыры катары гана колдонбостон, жылан, чаяндан сактануу буюму катары да урунуп келишкен.

Бабалардан мурас болуп келаткан кыл аркан эшүү, аны колдонуу жана артыкчылыктары, башка жиптерден өзгөчөлүктөрү тууралуу нарындык уз, баатыр эне Керез Жакыпова айтып берди:

- Аттын жал, куйругунун кылынан, топоздун же кылчыктуу кой- эчкинин жүнүнөн кошуп жасалат. Алгач жүн кошулган кылды ороп түйдөк кылып алышат. Түйдөк жиптерди алып, колду суулап алып аркан эше беришет. Аны чыйратууда керегенин көзүнөн өткөрүп, өзөк кылып, чыйралган жиптерди күчтүү эркек киши саап тартып турат. Балканын же керкинин башына оролгон жипти чыйралтып үч киши имерип турат. Арканды чыйралтуунун да ыгы, ченеми болот. Эшилген аркандын учун “куйрук же” деп бирөөнө имертип, оролуп калбасы үчүн имере тарттырат. Кыл аркан абдан бышык болуп, 70-80 жылга чыдайт. Кургак жерге коюп, чычкандын кырча жеп салуусунан сак болушу керек.

Учурда арзан кытай жиптери күнүмдүк турмушта кеңири колдонуп, кыргыздын кыл арканын эшкен уздар азайып баратканына, анын өзгөчө касиеттерине жана кыл арканга байланыштуу ырым- жырымдарга “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин диркетору Султанбек Макашев мындайча токтолот:

- Чынында кыл аркан унутулуп колдонуудан чыгып баратат. Аркан эшкен уз- усталар деле калбай баратат. Кыргыздар эзелтен бери кыл арканды мал байлоодо, желе кылып тартууда, көчүп конууда, жүк артууда, боз үйдүн жабдууларында, ат чылбыры катары гана колдонбостон, жылан, чаяндан сактануу буюм катары да урунуп келишкен. Талаа-түздө жүргөндө түңкүсүн кыл аркан менен жата турган жерди курчап коюшчу. Мындай учурда жылан, чаян кыл аркандан өтө алышчу эмес. Азоого чалма салууда дагы кыл аркан колдонулчу. Күнүгө колдонуп турбаса эле буюм унутулуп кала берет. Кыл арканды эшүүнүн түйшүгүнөн чочуп, уздар эшип жасабай унутулуп баратканы өкүндүрөт.

Чет өлкөлүктөр кыргыздын кыл арканына абдан кызыгып, аны эшкен уздардын чебердигине таңгалышканын, бул өнөрдү унутта калтырууга болбостугун Борбор Азия чеберлеринин ассоциациясынын президенти Динара Чочунбаева мындайча белгиледи:

- Кыл аркан эч убакта унутулбайт, себеби, боз үйүбүз барында, ат минип жүргөн жигиттер барында ал унутулбайт. Мындан 5-6 жыл мурда Швецияга кыргыз уздарын алып баргам. Ошондо тоңдук Чолпон деген келин кыл аркан эшкенде чет өлкөлүктөр анын чыпылдаган колун, чеберчилигин көрүп, абдан жогору баа беришкен. Алар дагы аркан эшүүнүн ыкмаларын үйрөнүшкөн. Кыргыз барда кыл аркан унутулбайт.

Аргымактын чылбыры кыл аркандан болуп, азоого чалманы да кыл аркан менен урушкан. Ал түгүл айыпсыз зынданга түшүп калган адамды да кыл аркан менен сууруп алышканын адабий мурастарда айтылат. “Кыл аркандын анты болот, аны мойунга сыйыртмак кылып салууга болбойт” дешчү бабалар. Дагы бир артыкчылыгы кыл аркан колдон шыпырылбай, кармоого эптүү болгондуктан аркан тартмай оюнунда колдонулган. Кыргыздарда кемпирлер каза болгондо өлүмтүгүнө кыл аркан менен таар каптын болушу шарт болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG