Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

17-ИЮНДАГЫ ОКУЯ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ТААСИР ЭТЕБИ?


17-июндагы өкмөт үйүн ээлеп алуу аракеттери президенттик шайлоого кандай таасир этиши ыктымал? Бул маселе коомчулук талдоосуна түшкөн олуттуу маселелердин бири болууда. Байкоочулар бул окуя президенттик шайлоодо өкмөткө сабак болушу керек деп эсептесе, бийлик өкүлдөрү шайлоо алдында кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн күчтүү чараларды көрөрүн билдирүүдө.

17-июндагы өкмөт үйүн массалык түрдө ээлеп алуу аракеттерин айрым бийлик өкүлдөрү атайын уюшулган топтун төңкөрүш жасоо максаты катары баалашты. Буга кызыкдар күчтөр үчүн Урмат Барыктабасовдун президенттикке талапкер катары катталбай калышы шылтоо болуп берди.

Мындай баш аламандыкка жол бербеш үчүн эс алууну токтотоорун президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев окуяга байланыштуу берген маалымат жыйынында билдирди:

- Эми мына жумушка чыктым. Иштешке туура келет. Башкача айтканда, мен эс алууга кеткеним үчүн республикада хаоско, баш аламандыкка жол бере албайм. Ошондуктан, бул маселени кайра кароого туура келчүдөй.

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкуловдун пикиринде да Курманбек Бакиевдин өкмөт башчы катары ишке чыгышы зарыл. Анткени, 17-июндагы окуядан кийин эл шайлоого барбай коюшу, ал эми талапкерлер баш аламандыкты улантышы ыктымал:

- Курманбек Салиевич, мен айтып коеюн, бийлигине келиш керек, отуруш керек. Отпускасын токтотуш керек. Кулов экөөнүн келишими, айтып коеюн, экөөнүн гана ортосундагы иш. Бир күнгө дагы элдин, мамлекеттин тагдырын таштап коюуга болбойт.

17-июндагы окуяда өзүн байкоочу катары санаган экс-талапкер Назарбек Нышановдун баамында, өлкөдө кырдаал курчуп кетишине шарт бар:

- Күчөп кеткенге толук шарт бар. Азыркы убактылуу өкмөткө көп эле нааразы болуп атышат элдер.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов болсо дестабилдештирүүчү күчтөр эртеби-кечпи президенттик шайлоого байланыштуу аракет жасоо коркунучу бар болчу, бирок азыркы бийлик 17-июндагы аракеттердин мизин кайтаруу аркылуу бул сыноодон жакшы өттү деген ойдо:

- Менин оюмча, Кыргызстанда болобу, Кыргызстандын тышында болобу, ушундай саясий күчтөр ар кандай ызы-чууларды пландаштырса дагы алар эч кандай койгон максатына жетишпейт.

Ошондуктан, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Курманбек Бакиевдин эс алуудан кайтып келишине зарылдык да жок, анын үстүнө бул мыйзам бузууга жатат деп, Бакиевди мындай кадамга барбоого чакырды.

Бакиевдин өкмөт башчы катары кайра ишке киришүүсү мыйзамга каршы келет деген оюн «Арнамыс» саясий партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев да билдирди. Анын айтымында, өз ара макулдашууга келген эки лидер – Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, шайлоонун кынтыксыз өтүшү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Бул аралыкта КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүү (CIS-EMO) уюмунун жетекчилиги 17-июндагы окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. БШКнын чечимине дооматтар канчалык негиздүү болбосун, 3 миңден 5 миңге чейин киши катышканы маалымдалган бул өңдүү окуялар президенттик шайлоонун өтүшүнө коркунуч алып келүүгө жөндөмдүү деп айтылат КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүү уюмунун Жогорку Кеңешинин катчысы Виктор Кармацкийдин билдирүүсүндө. Анда белгиленгенге караганда, шайлоого бийликтин киришүүсүнүн же фальсификациянын чет-бучкагы байкалган шартта 17-июндагыдай окуя мындан да кеңири деңгээлде кайталанышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG