Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу пикирлер кайрадан айтыла баштады


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Жогорку Кеңеш тез арада таркатылышы керек деген пикирин 18-июнда билдирди. Анын айтымында, парламенттин курамы негизинен өз кызыкчылыктарын ойлогон, мыйзам чыгаруучу катары иштөөгө жөндөмсүз адамдардан түзүлдү. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо, азыркы Жогорку Кеңеш мурдагы парламенттерге салыштырмалуу жемиштүү иштей баштады деген пикирде. Буга чейин Конституциялык кеңешме тарабынан жактырылган Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоордо 2006-жылы февраль айында Жогорку Кеңештин курамын пропорционалдык шайлоонун негизинде дагы 30 депутат менен толуктоо сунушу каралган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG