Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Бишкекте түн тынч өттү


БИШКЕК. 17-июндан 18-июнга караган түн тынч өттү, Бишкек шаарында талап-тоноолор орун алган жок. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Министрликтин маалыматына караганда, өткөн түнү шаарда 39 кылмыш катталып, алардын ичинен 31и ачылды. Бишкек шаарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Учурда Урмат Барктабасовду кармоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Буга чейин аны кармоого Башкы прокурордун санкциясы берилген. Ал эми 17-июндагы окуяга байланыштуу кармалган 300гө жакын адамга административдик иш ачылып, сот иши ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармап, бөлүштүрүүчү жайында каралды. Алардын баарына сот тарабынан эскертүү берилди.

XS
SM
MD
LG