Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

М.Максимович: “17-июндагы окуяга Аскар Акаевдин тиешеси жок”


БИШКЕК. 17-июндагы Бишкектеги окуяга мурдакы президент Аскар Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Акаевдин адвокаты Максим Максимович билдиргендигин “АКИ-пресс” маалымат агенттиги жазып чыкты. Билдирүүгө караганда, экс-президент өзү жана анын үй-бүлөсү, күйөө баласы Алатоо аянтындагы окуяга тиешеси жоктугун массалык маалымат каражаттарында жарыялануусун адвокатынан өтүнгөн. Максимовичтин айтымында, Акаев Кыргызстанда болуп өткөн окуяга тынчсыздангандыгын билдирип, тез аранын ичинде кырдаал калыбына келип, туруктуу абал сакталышын каалаган. Экс-президент учурда үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатат. Максим Максимович анын күз айларына чейин Кыргызстанга келбестигин да маалымдаган.

XS
SM
MD
LG