Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Өкмөт үйү күчөтүлгөн режимде кайтарылууда


БИШКЕК. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” жекшембиде билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө кырдаал стабилдүү жана тынч. Генералдын пикиринде, 17- июндагы окуяны жасаган күчтөр мындан ары стабилдүүлүккө коркунуч келтире албайт. Себеби алар идеяга берилгендер эмес, акчага жалдангандар болчу деди Суваналиев мырза. Президенттин маалымат катчысы Авазбек Атахановдун айтымында, өкмөт үйү кадимки режимде иштеп жатат жана чочулай турган жагдайлар жок. “Мекеним- Кыргызстан” кыймылынын координациялык кеңеши менен байланышканыбызда учурда кандайдыр бир иш- чаралар пландалган жок деп билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG