Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Ооганстанда америкалык согуш учактарынын чабуулунда 20 чакты талиб өлтүрүлдү


Бул тууралуу АКШнын армиясы бүгүн кабар таркатты. Мунун алдында талибдер полиция башчысын дарга асканын жарыялашкан эле. Кандагар провинциясынын оодандык полиция бөлүмүнүн жетекчиси Нания аганын Талибандын Шария сотунун буйругу менен өлүм жазасына тартылганын талибдердин маалымат катчысы Абдул Латиф Хакими бүгүн маалымдады. Жума күнү талибдер 13 кишини кармап кетишкен эле. "Калган туткундардын тагдырын талиб соту чечет" деп билдирди маалымат катчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG