Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

АКШнын Мамлекеттик катчысы Израил менен палестиндер Газа тилкесиндеги жөөт айылдарын жок кылууга макулдашканын бышыктады


Бүгүн Иерусалимде өткөн пресс-конференцияда Кондолеса Райс буларга токтолду:

– Израил жана палестин бийликтери Газадагы жөөт үйлөрү көчүрүлүшү керек деп эсептешет. Ошондуктан тараптар айылдарды бузуп, тазалоо планын түзүшмөкчү. Бул иште аларга АКШнын атайын өкүлү Жеймс Уольфонсон жардам көрсөтөт. Палестин бийликтери келечекте жердин, мурдагы жөөт айылдарындагы турак-жайдын палестин эли үчүн пайдалуу колдонулушу боюнча түп нуска планды кайра карап жатат.

Газада Израил басып алган жерлерге курулган 21 жөөт айлы бар. Израил гезиттери жөөт айылдары август айынан тартып көчүрүлсө, алардын артында калган таштандылардан Газа шаары үчүн деңиз портун курууга болоорун жазышууда. Кондолеса Райс соңку макулдашууну чоң жылыш деп мүнөздөдү. Бирок Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарон палестин бийликтери согушчан топторду куралсыздандырып, таркатмайынча, жылыш болбойт деп эскертти. Ички согуштун тутанышынан кооптонгон палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас куралчан топторду палестин коопсуздук күчтөрүнүн катарына киргизүүнү артык көрөт. Кондолееса Райс Иерусалимден Иорданияга жол тартууда, кийин мамкатчы Египетте жана Саударабияда болуп, Ирак боюнча Брюсселде өтө турган эл аралык жыйынга катышат.

Анын аралыгында, Газа тилкесинде палестиндер израил аскерлери менен кагылышты. Египет менен чек арага жакын жердеги кагылышта куралчан бир палестин окко учуп, Израилдин 4 аскери жараат алды.

XS
SM
MD
LG