Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

ФЕЛИКС КУЛОВ КЫЗМАТЫН УБАКТЫЛУУ ТОКТОТТУ


Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоодо талапкер Курманбек Бакиевдин үгүт иштерине жардамдашуу максатында аткарган кызматын 20-июндан тартып убактылуу токтотту. Бул тууралуу ал 20-июнда “Кабар” агенттигинде билдирди. Кулов президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен кеңешип туруп ушундай чечим кабыл алгандыгын белгиледи.

Биринчи-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу жана Шайлоо кодексине ылайык 20-июндан 12-июлга чейинки мезгилде аткарган кызматын токтото тураарын билдирди. Ал буга байланыштуу арызын президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жолдогон. Ал мындай кадамга барганын өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштырат:

- Акыркы мезгилде коомдогу саясий кырдаалды курчуткан бир катар факторлор болду. Аймак аралык мамилелер курчуду. Мындайча айтканда президенттик шайлоону болтурбоого аракет кылган кандайдыр бир күчтөр бар. Ошондуктан мындай аракеттерге жол бербөө максатында мен шайлоо алдындагы кампанияга активдүү катышуу үчүн ушундай чечимге келдим. Мыйзамга ылайык шайлоо кампаниясына катыша турган болсом биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарууну токтотушум керек. Мыйзамда кызматын аткарып жаткан мамлекеттик кызматкер шайлоо кампаниясына катышпайт деп көргөзүлгөн. Ошондуктан мен аткарып жаткан кызматымды токтотом. Бул маселени Курманбек Бакиев менен бирге талкууладык. Муну эл туура түшүнүшү керек. Түндүк-түштүктүн биримдигин камсыз кылуу маскатында мен Бакиев мырза менен шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну чечтим.

Маалымат жыйынында Феликс Кулов Курманбек Бакиев менен биргелешип жасаган ырасмий кайрылуусун таратты. Анда акыркы мезгилде экөөнүн ынтымагы айрым саясий күчтөр тарабынан сынга алынып, ишеним көрсөтпөөгө аракет кылышкандыктары айтылат. Ошондой эле Баш мыйзамды реформалоо багытында конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоор референдум жолу менен эмес, парламент тарабынан кабыл алынышы сунушталган.

Мындан тышкары Бакиев-Кулов кайрылуусунда президенттик шайлоодо аткаруу бийлигинин айрым жетекчилери, акимдер өз кызматтарын так аткарышып, үгүт иштерине кийлигишип, аралашпоосу айтылган. Кайрылууда 17-июндагы окуя мыйзам чегинен аша чаап, президенттик шайлоо алдында башаламандыкты жаратуу максатында жасалгандыгы белгиленген.

Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ынтымагына, алардын шайлоо алдында үгүт иштерин биргелешип жүргүзүү аракеттерине пикирин мыдайча билдирди:

- Булар азыркы коомдо чыңалып турган акыбалды жумшартып, элдин буга чейинки үлпүлдөп турган үмүтүн улап, жакшы жолго алып кетебиз деген программасы болсо, ошону ишке ашырса анда көпчүлүк эл ага каршы деле болбойт. Бирок ошол кандай болуп кетет деген ишеним бекем болбой жатканы да факты. Азырынча алар алдыдагы президенттик шайлоону калыс өткөрүп, мурдагыдай административдик ресурстарды колдонбой, мыйзамдын чегинен чыгып кетпей, мыйзам жолу менен иштесе мен андай ишти туура деп эсептейм. Бирок ал иштер ишке ашабы аны көрө жатабыз да.
XS
SM
MD
LG