Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫН ҮЧҮНЧҮ ӨЛКӨГӨ ӨТКӨРҮҮ МАСЕЛЕСИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


: 20-июнда бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө байланыштуу БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Жалалабат облустук бийлиги жергиликтүү журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анда облус аймагында баш калкалап турган качкындардын азыркы абалы жана мындан аркы тагдыры тууралуу суроо-жооптор болду.

14-майдан бери убактылуу баш калкалаган өзбек бозгундарынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу маалымат жыйынына Улуттар уюумунун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Кыргызстандагы жетекчиси Карлос Закагнини менен облус губернаторунун орунбасары Таалай Энназаров катышып, суроолорго жооп беришти.

Карлос Закагнинин билидишинче, дүйнө жүзүндө 17 миллион качкын, облуста баш калка сураган 466 өзбек бозгуну бар:

- Бириккен Улуттар уюмуна мүчө дүйнөдөгү 129дан ашык мамлекет 20-июнда эл аралык качкындар күнүн белгилөөдө. Дүйнөдө 17 миллион качкын адам катталган. Башкы комиссариат – бардык адамдардын көңүлүн качкындар башынан өткөргөн кыйынчылыктарга бурууну көздөйт.

Башкы комиссариаттын өзгөчө кырдаалдар боюнча улуу кеңешчиси Ванно Нупек облуста башкалка издеген 466 адамга күбөлүк берилгенин айтты:

- 466 адам баш калка издөөчүлөрдүн күбөлүгүн алышты. 29 киши ички иштер уюмдарынын убактылуу жайларында, калганы качкындар лагеринде. 73 чатыр тигилген. Тамак-аш, кийим-кече жана матераилдык жактан качкындар комиссиариаты, ЮСАИД, ЮНИСЕФ, калкты жайгаштыруу уюмдары камсыздоодо.

Маалымат жыйынында Өзбекстанга өткөрүлгөн 4 адамга комиссариаттын тиешеси жоктугу жана бозгундарды үчүнчү өлкөгө өткөрүү маселеси изилденип жатканы белгилүү болду.

Качкындарды Мекенине кайтаруу үчүн Өзбек өкмөтү менен сүйлөшүү жүрүп жатабы деген суроого губернатордун орунбасары Таалай Энназаров мындай жооп берди:

- Алар биздин атуулдарды кайтаргыла, туугандарына жакшынакай алып кетели, биз аларды капа кылбайбыз деп атат. Айыл өкмөттөрү келип “биз тийгизбейбиз, үйлөрүнө алып баралы”,- деп суранып келип атышат. Качкындар өздөрү макул болбой атат, биз ишенбейбиз, барбайбыз деп. Анан биз кантип беребиз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG