Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Жогорку Кеңештин мурдагы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев “Азаттыкка” кеңири маек куруп,17-июндагы окуя, жалпы эле өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу cуроолорго жооп берди.

-Алтай мырза, 17-июнда өкмөт үйүн басып алуу аракети болду. Буга кандай жагдайлар өбөлгө берди, азыркы өкмөт тарабынан ушундай окуянын болушуна шарт түзгөн кандай мүчүлүштүктөр кетти, өкмөт үйүн басып алууга кандай күчтөр аракет кылды жана анын башында кимдер турат деген ойдосуз?

- Мен ал күнү шаардан сырт жакта элем. Массалык маалымат каражаттары аркылуу алган маалымат боюнча гана өз оюмду айта алам. Урмат Барыктабасовду президенттикке талапкерликтен себепсиз алып койду деген эң биринчи шылтоо менен маселе көтөрүп, элди топтоп, аларды уюштуруучу күчтөр болгон. Чындыгында эле Урмат Барыктабасов Кыргызстандын атуулу эмес деген фактыларды билебиз. Бул жигит көп кылдан бери Казакстанда иштейт экен. Артында чуулгандуу көптөгөн иштер да бар экен. Ошону билбеген элди уюштурган күчтөр болгон болуш керек. Менин жеке пикиримде, бул такыр туура эмес. Маселен, 24-марттагы окуя менен 17-июндагы окуяны бири-бирине салыштырып кароого таптакыр болбойт. Булардын максаты да, жүрүштөрү да таптакыр башка. Мартта элдин кыжыры чындап кайнап, эл өз мүдөөсүн аткаруу үчүн өзү көтөрүлүп чыккан. Ал эми 17-июнда жасалма түрдө уюштурулган окуя болду деп эсептейм. Мындан кийин мындай окуялар кайталанбаш керек. Бул жагынан күч структуралары өз милдетин туура аткарды деп ойлойм. Аны уюштурган адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

-Ушундай окуянын болушуна азыркы бийликтин чечкиндүү бир кадамдарга барбай койгондугу өбөлгө түздү деген ойлор айтылып жатат. Сиз ошого кошула аласызбы?

-Бул жерде бир гана фактор эмес, көп фактор бар. Биринчиден, президенттикке талапкердин ар бири тууралуу маалымат өтө аз болуп жатты. Мисалы, Урмат Барыктабасовдун Казакстандын атуулу экендиги тууралуу маалыматтар мурдатан көбүрөөк болсо, балким мындай кадамга барбайт беле… Муну бийликтин ишиндеги мүчүлүштүк катары эсептейм. Деги мындай факторлор көп. Бирок негизинен бул атайылап уюштурулган аракет болду. Өкүндүргөнү - биздин жарандардын укуктук, саясий аң-сезим деңгээлинин төмөндүгү болду. Жогорку Кеңештин алдында жүргөн кишилердин, айрыкча аялдардын, Жогорку cотту ээлеп алгандардын деле өңдөрү тааныш. Ошолор 17-июндагы окуяда да жүрүшөт. Эмнеге келгендигин билбей туруп эле эл менен кошо дарбып жүрүшөт. Муну менен биз бүт дүйнөгө уют болдук. Өзгөчө 24-марттагы талап-тоноолор кылымдап жыйнап келген ар-намысыбызды, баркыбызды, маданиятыбызды түшүрдү. 17-июндагы окуя да ушуну айгинелеп койду.

- Дүйшөмбүдөн баштап Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтотуп, эс алууга кетти. Бирок премьер-министрлик милдетти бардык вице-премьер-министрлерге жүктөп кетти. Муну Кулов-Бакиев макулдашуусунун аткарылбай калышына негиз болчу алгачкы кадам деп санасак болобу?

- Адегенде, Кулов-Бакиев тандемине жалпы баа берели. Муну эки позициядан кароо керек. Биринчиси - жалпы элдин кызыкчылыгы, ынтымагы жана түндүк-түштүк элинин бөлүнүп, жарылбоо маселеси. Бул позициядан караганда, тандем өз жемишин берип жатат. Өзгөчө Феликс Шаршенбаевичтин президенттик шайлоону калыс өткөрүүгө өкмөттүн мүчөсү катары кепил болом деген демилгеси тандемдин жемиш берип жаткандыгынын күбөсү.

Экинчи позиция-бул укуктук талаага дал келеби деген позиция. Мына бул жерде кызматты алдын-ала бөлүшүп алып, «мен президент болом, сен премьер-министр болосуң» дешкени Конституцияга да, башка мыйзамдарга да туура келбейт. Бирок кептин баары бул макулдашуунун кыргыз элине кандай кызмат кылып, кызыкчылыгына пайда алып келе тургандыгында. Мен Конституцияга таптакыр туура келбейт деп каршы болбойм. Себеби, Феликс Шаршенбаевич кесипкөй юрист, Курманбек Салиевич өндүрүшчү жана чоң саясатчы. Алар экөө гана эмес башка бир топ адамдар жана саясатчылар менен акылдашып, бир топ ой толгоолордон кийин келип чыккан чечим болуш керек.

-Демек, сиз саясатчы жана катардагы атуул катары макулдашуу толук ишке ашат деген бекем ишенимдесизби?

- Мен бардык пункттары ишке ашат деп айта албайм. Бирок бул жерде негизги принцип элдин биримдигинде турат. Ал эми айрым деталдарынын аткарылбай калышы толук мүмкүн.

-Мына жакында президенттик шайлоо болгону жатат. Карапайым эл да, бийлик да, эл аралык коомчулук да шайлоонун калыс жана акыйкат өтүшүн каалап жатат. Себеби, парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар март ыңкылабына алып келбедиби. Азыркы шайлоонун алдындагы даярдыктар шайлоонун калыс жана акыйкат өтөөрүнө негиз боло алат деп ойлойсузбу?

-Эч бир өлкөдө шайлоо идеалдуу өтпөйт. Бул шайлоо да идеалдуу өтөт деп мен айта албайм. Конституциянын жана башка мыйзамдардын айрым майда жоболорун бузуу болушу мүмкүн. Бирок парламенттик шайлоодогудай орой мыйзам бузууларга азыркы өкмөт жол бербейт деген ишенимдемин. Айрыкча, Феликс Куловдун « мен кепил болуп берем» деген демилге менен атайын институт түзүп жатканы жана 300дөн ашык эл аралык байкоочулардын келип жатканы татыктуу президенттин шайланышына шарт түзөт деген ойдомун.

-Өткөн парламенттик шайлоо учурунда КМШдан келген байкоочулардын бардыгы шайлоо кодекстин талаптарына ылайык жакшы, калыс өттү деген баасын беришкен болчу. Бирок тилекке каршы, шайлоонун жыйынтыгына эл нааразы болбодубу…

- Туура айтасыз, саясатта ошондой боло берет экен. Рушайло парламенттик шайлоо маалында мурдагы президент менен кайра-кайра жолугуп, шайлоо Конституциянын негизинде өттү деп айтканын телевидение улам-улам кайталап көрсөтүп жаткан. Рушайлонун азыр берип жаткан интервьюлары элдин көзүн ачканга жардам берет. Кандай гана болбосун президенттен баштап жөнөкөй адамга чейин эң улугу - бул мыйзам. Мыйзамдуулукка жетмейин бизде мыйзам бузуучулук боло берет. Эми өкмөт менен парламент жүргүзүп жаткан саясат мурдагыга салыштырмалуу шайлоону алда канча таза өткөрөт деген үмүттөмүн.

- Азыр карапайым эл шайлоонун калыс өтүшүн абдан каалап турат. Бийлик жана жергиликтүү бийлик органдары ошого өбөлгө түзө алабы?

- Колдон келсе алардын катышпай койгону жакшы. Алар мыйзам чегинде шайлоону уюштуруп берүүгө гана милдеттүү. Шайлоо процессине кийлигишүүгө акысы жок. Бирок парламенттик шайлоодо таптакыр тескери болбодубу…

-Мурдагы бийлик учурунда мыйзамсыз иштерге көз жуумп койгон учурларыңыз болду беле?

-Парламенттин бир палатасынын төрагасы катары мага көз жуумп коюуга палата жол бербейт болчу жана жол берген жок. Бул боюнча Конституцияда жазылган жоболор бар. Мен президент менен дагы, өкмөт менен дагы конституциялык укуктук талаанын чегинде байланышып турдум. Мага башка жактан да эч кандай кысым болгон жок. Мына бир окуя - ратификация сыяктуу жаралуу маселени мисалга тарталы. Ратификациялоо маселесин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алат, Эл өкүлдөр жыйыны аны жактырат же четке кагат. Үзөңгү-Кууш макулдашуусун Мыйзам чыгаруу жыйыны ратификациялап берди. Аны биз эки жолу четке кактык. Үчүнчүсүндө президент өзү келип 26 депутатка кол койдуруп туруп, кайрадан добушка койдуртуп жактырткан.

- Демек,кысым болду беле?

- Мага кысым болгон эмес, палатадагы өкмөтчүл депутаттарга кысым болгон. Бирок тилекке каршы Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алып бербедиби… Муну ошол палата өткөрбөш керек болчу. Биз жактырып же четке кагууга гана милдеттүү болгондон кийин эки жолу четке кактык. Демек, бул абдан эле принципиалдуу мамилени көрсөткөн.

-Экс-президент Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катышпайт, ага мыйзам жол бербейт деп бийлик башында туруп айткан адамдардын бири сиз болчусуз. Сиз ушул оюңузду экс-президент менен көзмө-көз жолукканда айттыңыз беле?

-Бул жөнүндө мен ал кишиге бир нече жолу айткам. Ал түгүл 2004-жылы Чехия республикасына расмий визит жасаганда «Азаттык» радиосунун Прага шаарындагы кеңсесине депутаттар менен барганбыз. Ошондо бул боюнча берилген суроолорго да мен шайлоого катыша албайт деп жооп бергем. Ким гана болбосун Конституцияда бир адам эки гана мөөнөткө президент боло алат деп жазылып тургандан кийин аны аткаруу керек болчу.

-Эмне себептен март ыңкылабына чейин Акаев президенттик шайлоого барбайм деп ачык айткан жок?

-Барбайм деп айткандары бар. Бирок президенттин элдин алдына чыкпай качып кетиши абдан өкүндүрөт жана баарыбызды уят кылды.

- Акаевдин бийлиги учурунда жогорку кызматка барган адамдар Акаевдин кетирип жаткан кемчиликтерин, мамлекеттик иштерге үй-бүлөсүнүн кийлигишүүсүн көрүп туруп эле көз жумган деген пикирлер азыр көп айтылып жатат. Ошолордун катарында сиз жоксузбу?

-Жок. Мен анын көмөгү менен бир дагы объектти менчиктештирип алган эмесмин. Мен мамлекеттик кызматкер жана атуул катары жыл сайын кирешем тууралуу декларацияны толтуруп келгем жана 2004-жылдагысын да толтуруп бердим. Ал боюнча менин эл алдында жүзүм жарык жана үй-бүлөмдүн алдында да абийирим ак. Эгер менден бир нерсе эле табылган болсо гезиттер эбак чуулдатып жазып чыгышмак. Ал эми президент менен парламенттик иш менен гана байланышчумун. Өкмөт менен да өкмөттүк алкактагы иш менен гана чектелчүмүн. Мен бул жөнүндө кыргыз элимдин алдында башынан тарта жупуну жашап келаткан таза адаммын жана ушул принцибимде кала берем деп айта алам.

-Биздин угармандарыбызга ушул тапта кандай кызматта иштеп, кандай иштер менен алектенип жүргөнүңүз да кызык деген ойдомун. Ошон үчүн ушул жагдайда да маалымат бере кетсеңиз?

-«Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын статусу» деген мыйзам бар. Ал мыйзам азыр да күчүндө. Ал мыйзамга ылайык Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын бардыгы өкмөт тарабынан өзүнө ылайык кызмат менен камсыз болуш керек. Азыр төрагадан башка депутаттардын бардыгы иштеп жатат. Мен чыгармачыл адам катары буга чейин бүтүрө албай калган идеяларымдын баарын кагазга түшүрүп, кичине эс алып дегендей азырынча бошмун. Жаңы бийлик менин саясий ишмердигимди, мамлекеттик кызматкер жана илимпоз катары, айрыкча, педагогикалык тажрыйбамды эске алат деген ойдомун. Азыр мен күч-кубатка толуп турган убагым. Акаевдин убагында иштеген адамдар деп баарын четке кага бербейбиз, токарды даярдаш үчүн дагы 4-5 жыл керек деп айтпадыбы… Ал эми окумуштуу илимпозду, жетекчини даярдаш үчүн канча жыл кетет? Кимдер гана Акаевдин тушунда иштеген жок? Азыркы премьер-министр, вице-премьер-министрлердин милдетин аткаруучулар жана көптөгөн министрлер ошол Акаевдин кадрлары жана ошол мезгилде өсүп чыккан адамдар. Кептин баары алар өз тажрыйбасын элге кандай деңгээлде бере алат жана кандай кызмат кылаарында.

-Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу ДаниярҮсөнов ыңкылаптан кийинки жашоону жаңы ак барактан баштайлы деген демилге менен чыкпадыбы. Ошол ак барак таза башталды деп ойлойсузбу?

-Эч бир нерсени ак барактан баштоо мүмкүн эмес. Анткени, ар бир адамдын артында өз тарыхы бар, ар бир мамлекеттин да артында тарыхы бар, ар бир инсандын басып өткөн жолу, тажрыйбасы бар. Аларды чийип коюп, таптаза барактан баштоого болбойт. Кандай гана болбосун артынан өткөндүн илеби уруп турат. Андан биз тезирээк айрыла алабызбы? Кептин баары мына ушунда турат.

-Ал үчүн кандай аракет керек?

-Ал үчүн ар бирибиз элибиз, жерибиз үчүн таза иштеп беришибиз керек. Анан эң ириде мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылыш керек. Мамлекеттин мурдагы улуу жетекчиси Исхак Раззаков «Мен таза болсом, сен таза болсоң коом да таза болот» деп айтып кеткендей бардыгы ушундан башталыш керек.

-Бирок март ыңкылабынан кийин мыйзам чегиндеги чечимдерге караганда саясий чечимдер көп кабыл алынып жатпайбы. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деген ойдосузбу?

-Мен азыр чыгармачылык иш менен алектенип саясаттан алыстап калдым. Ошон үчүн бул позицияда сын пикирлерди айтуудан алысмын.

-Март ыңкылабында Акаевдин качып кетиши мамлекет башында турган адамдын кыла турган иши беле?

-Жок, мамлекет башында турган адам гана эмес, катардагы жөнөкөй адам да жасай турган иш эмес.

-А эмне үчүн ошондой чечимге барды деген ойдосуз?

-Бул мен үчүн да табышмак.

- Маегиңиз үчүн рахмат! Илимий ишиңизде ийгилик каалайбыз.
XS
SM
MD
LG