Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Дырылдаев Кыргыз өкмөтүнө кайрылды, Акаев дооматты четке какты


БИШКЕК. 20-июнда Рамазан Дырылдаев жетектеген адам укугун коргоо боюнча Кыргыз комитети өкмөткө кайрылуу жолдоду. Кайрылууда комитет Акаев бийлигинин өкүлдөрүн кызматтан четтетүүнү, ал аркылуу 24-марттан кийинки стабилдүүлүктү камсыздоону, «Алай» мейманканасынын жанында жарандарга ок атууга күнөөкөрлөрдү табууну, 17-июндагы мамлекетти төңкөрүү аракетин уюштургандарды жоопко тартууну өкмөттөн талап кылган. Комитет атайын кызматтарды март ыңкылабынын жеңиштерин коргоого жетиштүү аракет көрбөй жатат деп сынга алган.

Ал эми экс-президент Аскар Акаев 17-июндагы окуяга өзүнүн, баласынын жана күйөө баласынын тиешеси жоктугун билдирген. Акаевдин жактоочусу Максим Максимович болсо бир күн мурун вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдон өзүнүн далилин жарыялашын же кызматтан кетишин талап кылган билдирүү таратты. Данияр Үсөнов бир күн мурда берген маалымат жыйынында өкмөт үйүнө чабуулду Аскар Акаевдин күйөө баласы каржылагандыгы тууралуу далил бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG