Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Президенттик шайлоону камсыздоо боюнча жардык чыкты


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 10-июлдагы президенттик шайлоодо элдин добуш берүү эркиндигин камсыздоо тууралу жардык чыгарды. Жардыкта шайлоого байланышкан бардык аракеттер мыйзамдан чегинүүсүз ишке ашышы керек экендиги белгиленген. Жардык шайлоо учурунда мамлекеттик кызматчылардын үгүт иштерге катышуусуна, иш орундарынан тышкары жакка сапарга чыгууга, шайлоого мугалимдерди, окуучуларды жана башка социалдык кызматкерлерди үгүт иштерине катыштырууга тыюу салат. Курманбек Бакиев ошондой эле Шайлоо кодексин бузуу фактыларына, добуш сатып алууга байланышкан фактыларга дароо маани берүүнү Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Коопсуздук кызматына тапшырды. Ошондой эле жардыкта шайлоо учурундагы ар кандай арыз-даттанууларга өз убактысында чара көрүү Жогорку сотко сунушталган.

XS
SM
MD
LG