Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Феликс Кулов өз кызмат ордун утурумдук таштады


БИШКЕК. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетн аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоо кампаниясы учурунда өз кызмат ордун утурумдук таштады. Феликс Кулов шайлоо өнөктүгү учурунда президенттикке талапкер, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди колдоп үгүт иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу ал 20-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттерге билдирди. Өзүнүн мындай кадамга баргандыгын Феликс Кулов соңку мезгилдери өлкөдө орун алган саясий-экономикалык абалды, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүчүлүктү эске алып, Кулов-Бакиев тандемин иш жүзүндө бекемдеп, өлкөдө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн болуп жатат деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG