Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Тоолуу Карабактын оппозициясы кечээки шайлоону адилет өткөн жок деп сындады


Оппозициялык блоктун өкүлү Гегам Багдасарян бийлик административдик ресурстарды пайдаланып, шайлоонун жыйынтыгн бурмалады деп билдирди. Санактар оппозиция 33 орундуу параламенттин 3 эле мандатын алууга жетишкенин көргөздү. Өзүн өзү эгемен жумурият деп атаган Тоолуу Карабакты бир да өлкө тааныган эмес.

1990-жылдардын башында Армения менен Азербайжан аймак үчүн согушуп, 25 миңге жакын киши ажал тапкан. Жүз миңдеген азери үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий Баку Еревандын көзөмөлүндөгү анклавды өз аймагы деп эсептейт. Азери качкындары үйлөрүнө кайтарылмайынча Тоолуу Карабактагы шайлоолор мыйзамдуу болуп эсептелбейт, - деп билдирди Азери бийлиги.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG