Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

АКШ экс-президенти Билл Клинтон Гуантанамо түрмөсүн жабуу тууралуу чакырыктарга кошулат


Кошмо штаттардын экс-президенти Билл Клинтон бүгүн жарык көргөн “Фанэшнл Таймс” басылмасына берген маегинде чет өлкөлүк террористтер камалган Гуантанамо түрмөсүн жабуу керек деп айткан. Анын сөзү боюнча, бул түрмөдө кармалгандарга жасалган мамиле америкалыктар үчүн жана Ирактагы, Ооганстандагы коалициянын аскерлери үчүн коркунуч туудуруусу мүмкүн. Ошондуктан Клинтон АКШ нын мурдагы президенттеринин бири—Жимми Картер менен сенатор Жозеф Бидендин Гуантанамо түрмөсүн жабуу тууралуу чакырыгына кошулаарын билдирди. Учурда Гуантанамо түрмөсүндө 500 дөн ашуун туткун бар. Алардын көпчүлүгү Ооган туткундары.

Ал эми АКШ нын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 19-июнь күнү сүйлөгөн сөзүндө Гуантанамо абагында болгон укук бузууларга шектүү деп саналгандар эл аралык мыйзам боюнча жоопко тартылаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG