Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

ИРАКТАГЫ БАРЫМТАДАН БОШОНГОН ВУД АКШ БАШТАГАН АРАКЕТТЕРДИ КОЛДООРУН АЙТТЫ


Төрөкул Дооров, Прага Өткөн жумада Иракта барымтачылардын колунан бошоп чыккан австралиялык атуул барымтада болгон кезинде айткан билдирүүлөрү үчүн кечирим сурады. Анда австралиялык Дуглас Вуд АКШ баштаган коалиция күчтөрүнүн өлкөдөн кетишин суранган эле. Эми Вуд ошол билдирүүлөр басымдын астында айтылганын, алар үчүн кейип жатканын айтууда.

Иракта барымтачылардын колунда 47 күн кармалып тургандан кийин, австралиялык Дуглас Вуд кайрадан мекенине, үй-бүлөсүнө кайтты. 63 жаштагы инженер Ирактагы барымтадан кийин, кайра үйгө кайтууну буйруганына тообо келтирип, “мындан өтөөр бакыт жок,”- деди дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында.

Дуглас Вуд өзүнүн үй-бүлөсүнө жана Австралия бийликтерине ирактык козголоңчулардын колунан бошотууга көргөн аракеттери үчүн ыраазы экенин айтты:

- Мен өзүмдүн үй-бүлөмдү аябай жакшы көрөм, андыктан алар мени кантип болбосун, кайтарып алууга аракет көрүшөөрүн билгем. Мен эми кайра үйгө келип олтурганым үчүн, эң ириде, үй-бүлөмө, анан Австралия бийликтерине жана баарыңыздарга, журналисттерге, ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Ал ошондой эле, АКШ жана Австралия өкмөттөрүнүн колдоосу менен өтүп жаткан Ирактагы саясий жаңыланууга терең ишенээрин билдирди. Андан ары сөзүн улап, Дуглас Вуд аны Ирактын аскерлери бошотушканын, бул өз учурунда, өлкөдө коопсуздукту калыптандыруу аракеттери ийгиликтүү уланып жатканынын жакшы мисалы экенин да кошумчалай кетти.

- Дагы бир жолу айта кетейин, мен АКШ менен Австралия өкмөттөрүнө терең ыраазымын. Мен алар баштаган жараяндын тездетилишин колдоор элем. Биз канчалык Ирак армиясынын, полициясынын өнүгүп, такшалышына жардам берсек, ошончолук деңгээлде алар эл турмушунда коопсуздукту бекемдеп, кадыр-баркка ээ болмок. Демек, Ирак элинде да коркуу сезими тезирээк жоголуп, ал жердеги окуялар тууралуу бизге туура маалымат берилмек.

Анын бул билдирүүлөрү барымтада турганда айткан сөздөрүнө караманча каршы келет. Ал барымтага түшүп калган алгачкы күндөрү өзү тартылган видеотасмалар арап тилиндеги сыналгыдан көрсөтүлгөн эле. Аларда Дуглас Вуд АКШ, Австралия жана Британия өкмөттөрүн Ирактан өз аскерлерин чыгарып кетүүлөрүн, ошентип анын өмүрүн сактап калуусун өтүнгөн болчу.

Ал ошол кезде минтип айткан эле:.

- Менин үй-бүлөм, досторум, силерден суранам, америкалык, австралиялык жана британиялык аскерлердин Ирактан чыгарылышы үчүн аракет көргүлө. Ирактыктар өздөрүнө өздөрү көз салууга кудуреттүү, алар күчтүү, өзүнөн соң ирактыктар коңшуларына да көз сала алат. Суранам, мага жардам бергиле. Мен өлгүм келбейт.

Дүйшөмбү күнү Австралиянын өкмөт башчысы Жон Ховард Вуддан эч кандай деле кечирим сөздөрүн күтпөгөндүгүн, Дуглас Вуд кайра үй-бүлөсүнө кайтканына кубанычта экенин билдирди.

Австралиялык радиого берген маегинде премьер-министр барымтадан бошоп чыккандан кийин Дуглас Вуд АКШ жана Австралиянын Ирактагы аракеттерин колдогондугуна ыраазы экенин билдирди. “Анын сөздөрү дагы бир жолу биздин өкмөттөр Иракта карманган позициясы туура экенин далилдейт. Анткени биздин позиция туура,”- деди Австралиянын өкмөт башчысы Жон Ховард.

XS
SM
MD
LG