Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Казакстан Кытай менен чек арада көзөмөлдү күчөттү


Казакстан канаттуунун сасык тумоосу илдети тарап кетиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам коңшу Кытай менен чек арасында эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү. Көзмөл чек ара бекеттеринен тышкары Кытайдан келген учактар конуучу аэропорттордо да күчөтүлдү. Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, Кытайдын ветеринардык кызматы аларга өлкөнүн Батышында канаттуунун сасык тумоосунун белгиси менен 1000дей каз табылып, алардын 500гө жакыны өлгөнүн кабарлаган. Азияда канаттуунун сасык тумоосу эң соңку ирээт былтыр жыл соңунда орун алып, андан улам Вьетнамда 38, Таиландда 12, Камбоджада 4 адам каза тапкан. Кытайда калк арасында бул илдетке чалдыккандар болгон эмес.

XS
SM
MD
LG