Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

АКШнын элчиси Ливандагы парламенттик шайлоону жогору баалады


АКШнын Ливандагы элчиси Жеффри Фелтман Ливандагы парламенттик шайлоону өлкөнүн өзгөрүү жолундагы өтө маанилүү окуя катары мүнөздөдү. Ал Ливандын жаңы өкмөтү алдыда олуттуу, анын ичинде саясий, экономикалык реформаларды жүргүзөрүнө ишеним билдирди. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, шайлоонун өткөн жекшембидеги эң соңку баскычында, мурдагы премьер – министр, быйыл февралда киши колдуу болгон Рафик Хариринин уулу Саад Харири баштаган оппозициялык блок баардык 28 орунду ээлеген. Ошентип антисириячыл альянс эми парламентте 8 добушка көптүк кылат. Быйылкы шайлоо коңшу Сирия дээрлик 30 жылдан соң аскерлерин чыгарып кеткенден кийинки алгачкы шайлоо болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG