Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Москва жыйынына К.Бакиев катышат


БИШКЕК. 21-июнда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров башында турган кыргыз делегациясы Евразия экономикалык шериктештигинин комиссиясынын туруктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Москва жыйынында туруктуу өкүлдөр 20дан ашуун маселе карашат. 22-23-июнда болсо Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын деңгээлинде жыйын болуп, ага Кыргызстандан президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышат. Бакиев ошондой эле ошол күндөрү боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Кеңешинин сессиясына да катышмакчы. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG