Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Депутат комиссияны сынга алды


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаевдин үй, мүлкүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишин тандоо жолу менен жүргүзүп, Данияр Үсөнов үчүн ишкерлердин байлыгын эсептөөчү орган болду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов 21-июнда парламентте билдирди. Анын айтымында, экс-президент Аскар Акаевге жакын адамдардан башка, тактап айтканда, азыркы бийликте турган айрым атуулдарга тиешелүү мүлк, байлыктардын кантип алынып, канча салык төлөөсүнө комиссия көңүл бурган жери жок. Андан тышкары Данияр Үсөновдун казынага каражат көп түшө баштады деген маалыматын жокко чыгарып, реалдуу сектордо өсүш болгон жери жок деп билдирди. Ал эми Данияр Үсөнов мындай билдирүүлөрдү четке кагып, аны Өмүрбек Бабановдун экс-президентке жакын жүрүп, мыйзамсыз ээлеп алган байлыгынын теске салынышына ичи күйүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG