Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Акаев тергөөчүлөр суроосуна жооп берүүдөн баш тарттыбы?


БИШКЕК. Мурунку президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович 21-июнда билдирүү таратып, анда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун 17-июндагы окуяны Аскар Акаевдин үй-бүлөсү каржылады, ага далил бар, деп билдирүүсүн айыптады. «Данияр Үсөнов далили болсо тезинен жарыялоого, эгерде андай болбосо кызматтан кетүүгө тийиш» деп айткан Максимович. Үсөновдун ушундай негизсиз айыптоолоруна байланыштуу Аскар Акаев Москвада Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тарты. Акаев прокуратура органдары менен мен аркылуу гана байланышат, деп айтылган Максим Максимовичтин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG