Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Айдар Акаев мыйзам алдында жооп берет


БИШКЕК. Экс-президенттин уулу Айдар Акаевге каршы эки кылмыш иши козголду. Ага Айдар Акаевдин ишкерлердин менчигин, каражатын күч менен тартып алуу, мыйзамсыз тапкан каражаттарды ачыкка чыгаруу фактылары негиз болду. Ал эми мурунку жогорку мамлекеттик кызматкерлердин ичинен Болот Жанузаков, Темирбек Акматалиев, Кубанычбек Жумалиев, Осмонакун Ибраимов жана башкалар сурак берип жатышат.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, сурак бере тургандардын арасында азыркы өкмөттө иштеген кызматкерлер, депутаттар да бар:

- Санкция берип жатабыз. Дагы чоң-чоң кызматкерлер, анын ичинде иштеп жаткан кызматкерлер жана депутаттар бар. Алардын Кыргызстанда жүргөндүгүнө байланыштуу баарын тергеп алып, анан чара көрүүнү чечели деп жатабыз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG