Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫ ПРЕЗИДЕНТ ИСЛАМ КАРИМОВДУ СОТКО БЕРҮҮГӨ НИЕТТЕНИШҮҮДӨ

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалалабат облусунун аймагында баш калкалап турган Анжияндык бозгундар өзбек президенти Ислам Каримовду эл аралык сотко береерин билдиришти. Качкындардын пикири боюнча Ислам Каримов 13-майда Анжиянда болгон козголоңдо набыт кеткен адамдар үчүн жооп берүүсү керек. Жалалабат обулусунун айрым өкүлдөрү президент Ислам Каримовдун терроризмге каршы аракетин кубатташканы менен аны сотко берүүнүн кажети жок деген пикирде.

Өзбек бозгундары президент Ислам Каримовду сотко берүүгө ниеттенүүдө. Атын атоону каалабаган бозгун анын себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

- Анжияндагы митингде менин билишимче 700 адам өлгөн. Ошол адамдардын өлүмү үчүн биздин президент сотто жооп берүүсү керек.

Өзбекстандын ички иштер кызматтарында санитардык инструктор болуп иштеген Тойчубай Хожоназаров өзбек бийликтеринин качкындарга түрлүү жарлык такканы менен келише албады:

- Элди «террорист, Вахабий, Хизбут, Акрамий» десе, ар кандай ат коюп кырып салуусу мүмкүн. Бул адамдын үстүнөн көзөмөл жүргүзөөр уюм барбы? 99-жылы жардыруу болгондо да көп адамдарды «Хизбут» деп, «Жаслык» түрмөсүнө каматкан. Канчалаган кишинин өлүмү үчүн бул адам сот алдында жооп берүүсү керек, аял, бала, карыларды атууга уруксат бергенин өз кызматкерлери тастыктап атат.

Башка качкындар да Тойчубай Хожоназаровдун И.Каримовду эл аралык сотко берүү оюн колдошту:

- Мен качкындардын биримин. Ислам Абдуганиевич Каримовду эл аралык сотко бермекчибиз.

Ислам Каримовдун экстремизмге каршы күрөшүн туура санаган Сузак районунун тургуну Абдулла Кошойканов качкындардын өзбек президентин сотко берүү оюн жактырган жок:

- Эл жамандай берет, бирок анын кылган иштеринде чындык бардыр. Мен ойлойм ал бүткүл дүйнө жүзүндөгү экстремисттерди жок кылууга аракети болуш керек деп. Булар ошону караштырып, ойлонуштуруп анан Каримовду сотко берсе болот, ал эми дароо сотко берем деп атканы туура эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG