Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

БРИТАНИЯ ЗЫЯНДУУ ТАШТАНДЫЛАРДЫ САКТООНУН ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯСЫН СУНУШ КЫЛДЫ


Британия өкмөтү өндүрүштүк газдардын аба ырайына тийгизген таасирине каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясын жарыя кылды. Долбоор көмүр жана газды отунга жакканда бөлүнүп чыккан таштандыларды Түндүк деңизинин астындагы мунай-газы казып алынып бош калган жайларда сактоону сунуш кылат. Бирок долбоордун сынчылары таштандыларды деңиз астында сактоо өтө кымбатка тураарын айтышууда.

Киото келишимине ылайык, Британия 2050-жылга өндүрүштүк ишканалар абага бөлгөн зыяндуу таштандыларды 60 процентке кыскартышы абзел. Бул милдеттенмени аткаруунун стратегиясын өлкөнүн Отун-энергия министри МальКольм Уикс үстүбүздөгү аптада сунуш кылды. Сунуш колдоо тапса, өндүрүштүк ишканалар бөлгөн зыяндуу газдар суюктукка айлантылат да, Түндүк деңизинин астындагы мунай-газы сорулуп алып, ээн калган боштукта сакталат.

Сасикс отун-энергия группасынынын илимий-кеңешчиси, Сасикс университетинин профессору Гордон МакКерондун сөзүнчө, изилдөөлөр деңиз астындагы бош калган мунай-газ кендеринде зыяндуу газдардын калдыктарынын 85 процентке жакынын сактоо мүмкүн экенин көрсөткөн. Бул багыттагы изилдөөлөр үчүн Британ өкмөтү 50 миллион доллар чегерген.

Профессор МакКерондун айтышынча, деңиз түбүндөгү “табигый кампаларды” пайдалануу технологиялык жактан эч кандай кыйынчылыкты туудурбайт:

- Норвегия көмүртектин кошкычкылын Слейпнер кениндеги мунайы азбы-көппү казып алынган жайларга ийгиликтүү толтурганын билесиздер. Азыр бул жай канча мөөнөткө чыдайт деген айлана чөйрө үчүн маанилүү суроо турат. Мен бул ишти техникалык жактан аткаруу мүмкүн деп ойлойм. Алдыда, анын айлана чөйрөгө зыян жокпу, аны ишке ашыруу мыйзамый жактан мүмкүнбү жана келечектеги бааасы кандай болот деген суроолор турат.

Бул программаны коомчулук колдобой коюшу ыктымал деген кооптонуу адистер арасында күчтүү. Анан да долбоордун эл аралык мыйзамдарга шайкеш келери али тактала элек.

Уорик университетинин профессору Уинн Грант береги планды технологиялык жактан ишке ашыруу мүмкүн болгону менен, өнөр жай ишканалары абага бөлгөн зыяндуу газдардын маселесин толук чечпейт деген ойдо:

-Бул пилоттук долбоор болсо да, аны ишке ашырууга аракет кылып көрүү керек. Бирок бул күнөсканалар бөлгөн газдардын маселесин биротоло чечпейт. Маселе, бул план шамалдын кубатын пайдалануу сыяктуу эле- мурда күтүлгөндөй -тез өнүгүп кетпөөчү башка долбоорлорго окшош экенинде.

Отун-энергия тармагынын өкүлдөрү да Британ өкмөтү колдогон долбоорго көп ишене беришпейт. RWEnpower ширкетинин өкүлү Леон Флексман ал иштеген компаниянын жетекчилиги кызыктуу идеянын ишке ашаарына ишенбей турганын жашырбайт:

- Өкмөттүн мындай долбоорго акча бергени жакшы жышаан жана бул көмүрдүн кошкычкылынын таштандыларын азайтуунун ишенимдүү бир жолу деп ойлойм. Бирок өнөр жайдын масштабынан алганда бул өтө көп акчаны талап кылат.

Флексмандын айтканына караганда, Британиянын отун энергия ишканалары көмүрдүк кошкычкылын бөлгөн зыяндуу таштандыларды азайтуунун эң арзан жолун табышы шарт.

Эксперттер бул идеяны турумушка ашыруу үчүн бир нече жыл зарыл экенин танышпайт. Бирок адистердин айтышынча, долбоор ийгиликтүү болсо, жалгыз Британия эмес Кытай жана Индия сыяктуу мунай-газды керектөө ылдам өсүп бараткан Азия өлкөлөрүндө колдоо табаары күмөнсүз.
XS
SM
MD
LG