Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

ДАРЕКТҮҮ ТАСМА - ЖАНДУУ ТАРЫХ


Респуликанын киновидео компаниясында атайын кино тасмаларды сакталуучу жай бар. Ал жерде Кыргызстандагы окуяларды камтыган 1918-жылдан бери тартылган даректүү тасмалардан баштап, көлөмдүү көркөм фильмдерге чейин сакталуу. “Даректүү кинотасмалар өткөндү чагылдарган тарыхтын жандуу барактары “-дейт кинорежиссер Бекеш Абдылдаев. Анын тарткан даректүү тасмалары убагында эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарга татыган.

Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, белгилүү документалист кинорежиссер Бекеш Абдылдаев өткөн кылымдын 60-жылдарында Ташкендеги театралдык окуу жайын аяктап, Караколдо бир жыл актер болуп иштеп, андан соң “Кыргызфильм” киностудиясына кызматка ороношот. Кино өнөрүнүн сырларын өздөштүрүп, өз алдынча даректүү тасмаларды тарта баштайт. Анын тарткан “Бакча”, “Төкмө”, “Нарын жылдыздары”, Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова тууралуу “Жер кызы” аттуу даректүү тасмалары эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарга татыган. Бекеш Абдылдаев даректүү тасмалардын өзгөчөлүгү тууралуу буларга токтолду:

-Мисалы көркөм филмьдерде каармандарды артистер ойноп, окуялар көркөм жаслмаланып, кооздолуп көрсөтүлөт. Ал эми даректүү тасмаларда табият, же болуп өткөн окуя так, даана чагылдырылып, каармандардын өздөрүн катыштып, чыгарма чындыкты камтыйт. Ал үчүн атайын тексттер фактыга жараша жазылат.

Анын айтымында, даректүү тасмаларды Улуттук телекөрсөтүүдөн, кинотеатрлардан байма-бай элге көрсөтүп, тарыхтын жандуу барактары менен тааныштырса, жаштарды патриоттуулукка тарбиялайт.

-Бизде даректүү тасмалар көп тартылган. Анда Кыргызстандын кандайча өнүгүшү, тарыхый темалар, көзү өтүп кеткен кыргыздын мыкты уулдарынын элестери, өмүр жолу эмгеги чагылдырылган. Биздин кинотасмаларды сактоочу жайда Кыргыз мамлекетинин курулушу, түптөлүшү жана Сайра Кийизбаеванын, Бүбүсайранын,Таттыбүбүнүн, Муратбек Рыскуловдун, Саякбай Каралаевдин тирүү кезиндеги элестери түшүрүлгөн тасмалар бар. Чабандар, дыйкандар, жумушчулар, эмгектин баатырларынын кызыктуу өмүр жолдору бар. Мына ушуларды Улуттук теледен же кино театрлардан байма-бай көрсөтүп турса жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого укумуштуудай жакшы материал болмок.

Ал эми “Кыргызфильм” киностудиясында учурда даректүү тасмалар тартылбай калган себебин адис кинорежиссер мындайча түшүндүрдү:

-Учурда акча табылса эле көркөм фильм тартууну максат кылып алышты. Ал эми даректүү тасмаларды тартканга көп маани бербей калышты. Өкмөт керек болсо даректүү тасмаларды тартуу үчүн атайын акча бөлүштүрүп, коомдогу болуп жаткан окуяларды пленкага тарттыруусу керек. Анткени даректүү тасма жандуу тарых. Азыркы видео тасмаларга тарткан убактылуу нерсе, 5-10 жылдан кийин сапаты жоголуп, жакшы сакталбайт. Ал эми кинопленкага тартылган чыгарма, даректүү-хроникалдуу материалдар 100 жылга чейин сакталат. Эгерде сакталуучу жай талапка ылайык кармалса кинопленка 100 жылдан ашуун да күнү бүгүнкүдөй сапатын жоготпой турган касиети бар.
XS
SM
MD
LG