Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

АЙТТЫРБАЙ КЕЛГЕН КЫРСЫК, АКЧА ИЗДЕГЕН ӨКМӨТ


10-июндагы сел Кыргызстандын түштүгүндөгү биртоп айылдарды каптап, дыйкандардын кыйла мээнет менен өстүрүп аткан эгинин суу басып калды. Үйүн суу басып калгандарга өкмөт кол кабыш кылып, чатыр тигип берип, үрөн, күйүүчү май жагынан жардам берүүдө. Кырсыктын салакасын жоюуга алдагыдай жардам өтө эле аз.

Базаркоргон районундагы Акман айылынын Молдорайым Маманов сел үйдү каптап келгенде карабашын калкалап бала-чакасын алып эптеп качып чыккан. Чуңкур жерде жашаган беш кожолуктун үйүн суу басып, ушу тапта суук түшкүчө баш калкалар жаңы үйдү кантип, кайсы акчага салуунун кайгайын тартып отурган кези.

- Түнкү саат он бирлер, он экилер чамасында кыйкырык чыгып калды. Ойгонуп тура калсам суу келип калыптыр. Анан кайда качышты билбестен айнекке чыктык бала-чаканы көтөрүп, жылаңач, эч нерсе алганга үлгүрбөдүк. Мынабу төртөө кошунам болот. Үй-мүлк эч нерсе алалган жокпуз, курук, жылаңач качып кутулдук. Аңгыча болбостон суу көбөйүп кекиртекке жетип келди. Жээкке качып чыгып, андан ары өзүбүз аман калдык. Андан ары кыйкырып, «суу келатат!» деп эл-журтка кабар кылып качтык. Үй кыйрады, жараксыз. Кечээ чатыр тигип мынабу дөңсөөгө чыктык. Бул жер да кайракы. Үй жок болду.

Ал эми анын айылдашы Исак Ибраимовдун абалы деле ушундай.

- Мамлекеттен ушу турак-жай салганга, бала-чаканы убактылуу карап турганга каражат, курулуш материал, насыя акча – ушу болсо кез күзгө чейин бала-чаканы жайгаштырып алсак . Күн деген өтө берет экен минут санап. Бизге ушу бир минут дагы кымбат болуп атат. Эптеп ушу жарык-жазда бала-чакага башбаанек жасап кирип кетсек, деген ойдо турабыз.

Кыргызстан тоолуу өлкө, ошондуктан ал күтүлбөгөн табигый кырсыктардын кесепетин ыкчам жоюуга, оор сыноолорго камдуу турушу керек, деп эсептейт Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рүстөмбеков.

- Кырсыктын кесепетин жоюуга 250 миллион сом кетерин эсептеп чыгышты. Аны биз өз күчүбүз менен жое албайбыз. Ошондон эларалык уюмдарга, дос өлкөлөрдүн элчиликтерине жардам сурап кайрылуудабыз. Өкмөттүн колу-жолун байлаган жумуш - саясий чакчелекейлик болууда. Биринчи иретте көмөк кырсыктан жапа чеккендерге берилиши керек эле. Адамдарды көбүрөөк чочулатканы мына ушул саясий туруксуздук болууда.

Министрдин айтымында, ушу тапта кырсыктан жапа чеккендердин саны, кимге кандай жардам керектиги такталууда. Бирок бул иш кыйла кечеңдебирээк калууда. Жергиликтүү бийлик жетекчилери илгиртпей аткарчу жумуштарынын өтөлүнө чыга албай, акимдер райондогу жарандык коргонуу штабынын жетекчиси экенин сезише элек.

- Эң негизгиси, Каржы министрлиги тезирээк акча бөлүп бериши керек. 147 кожолукту коопсуз жерге көчүрүп, аларга 645 чатыр бөлдүк. Күн курукчулук кезде алар өздөрүнө үй куруп алышы керек. Өкмөт өз токтомун чыгарып акчаны бөлдү, бул баш-аягы 30 миллион сомду түзөт. Эгер бул иш учурунда жасалбаса элдин жаңы өкмөткө ишеними жоголот. Өкмөт биринчи иретте жана айткан 147 кожолукка көп созбой курулушуна жардам бериши керек. Калгандарына, болжол менен 1700 гектир жерин суу чайып кеткендерге, короо-сарайынан ажырагандарга, төрт түлүк малынан кол жууп калгандарга да өкмөт көмөк көрсөтүшү зарыл.

Жаныш Рүстөмбековдун айтымында, ушу тапта министрликтин жакшыраак трактору да жок.

- Эч нерсе жок да. Биз принцибинде эч нерсе тургуза элек экенбиз. Долбоордо бар, акчанын баары тең тиякка-биякка, башка жакка кетип калган.

Жаңы өкмөт селден жабыркаган дыйкандарга күйүүчү майдан жардам кыларын билдирип, 2000 тонна буудай, 25 тонна жүгөрү үрөнүн товардык кредит катары берүүдө. Карыз эмдиги жылдын түшүмүнөн кайтарылмакчы.
XS
SM
MD
LG