Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

СТЮАРТ КАН: «АДАМ УКУКТАРЫ ЖААТЫНДА АБАЛ ДАЛЕ ООР»


«Фридом Хауз» уюмунун Кыргызстандагы «Адам укуктарын коргоо жаатындагы активисттерди колдоо» долбоорунун директору Стюарт Кан Кыргызстанда таза жана калыс шайлоо өткөрүүгө азыр эң ыңгайлуу шарт түзүлдү деп эсептейт. Ал ошондой эле экинчи президент Кыргызстанды азыркы оор абалдан чыгаруу үчүн мыкты команда түзүшү керек деген ойдо. Стюарт Кандын пикиринде, 24-марттан кийин деле адам укуктарын коргоо жаатындагы абал оңолуп кеткен жери жок.

- Стюарт мырза, Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

- Азыркы учурда абал татаал бойдон калууда. Анткени жаңы өкмөт 24-марттагы ыңкылаптан кийин баарын жаңыдан куруш үчүн жаңы жол табууга тийиш. Менимче, бул жерде чечүүчү учур 10-июлда өтө турган шайлоо болуп турат. Президенттин администрациясы дагы, саясий партиялар дагы шайлоонун таза жана калыс өтүшүн камсыз кылууга тийиш.

- Кандай ойлойсуз, чындыгында эле шайлоонун таза өтүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлдүбү?

- Мен Кыргызстанда көптөн беримин - мурдагы шайлоолор өткөн учурда дагы, жергиликтүү өкмөттөргө шайлоолор өткөндө дагы, Конституцияга буга чейин да өзгөртүүлөр киргизилген учурда да болгом. Ошондуктан менимче азыр шайлоону таза өткөрүүгө мурда болуп көрбөгөндөй шарт түзүлүп турат. Албетте мен дагы айрым талапкерлер административдик ресурс колдонуп жатат деген маалымат уктум, бирок ошого карабай шайлоону таза өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм.

- Стюарт мырза, а Кыргызстандагы адам укуктарынын 24-марттан кийинки абалына кандай баа бересиз? Жакшы жагына өзгөрүүлөр барбы?

- Адам укуктары боюнча бир жактуу жыйынтык жок. Бир жагынан алганда өкмөт өз пикирин билдирип, нааразычылык акциясы чыккандарга чыдап жатат, экинчи жагынан алганда биз милиция тарабынан жөнү жок эле адамдарды кармап-камап, адам укуктарын бузуу жаатында да иштейбиз. Бирок бул жаатында абал оңолгон жок, биз эч кандай өзгөрүүлөрдү байкаган жокпуз.

- 17-июндагы Ак үйдүн алдындагы окуяга келсек, бир четинен адамдар өз позициясын билдирип, демонстарцияга чыгышты. Бирок экинчи жагынан алганда милиция бул ирет демонстранттардын чекесинен сылабай, катуу эле чараларды колдонду. Ушуга кандай карайсыз?

- Демонстранттардын иш-аракеттери алар тынч митинг өткөргөн убакта гана корголот. Анткени мыйзамды бузуп, күч колдонуу аракеттерине жана күч колдонууга баргандардын укуктарын коргой турган бир дагы эларалык мыйзам жок. Албетте аларды кармаган учурда аларга адамдай мамиле жасаш керек.

- Стюарт мырза, эми кийинки суроого өтө берсек. Сиздерди Кыргызстанда жаңы программа ачууга, ал программанын атын окуп коёюн – «Азаттыктын үнү – Кыргызстандагы укук коргоочулардын байланышы» деген долбоорду ачууга эмне түрткү берди?

- Бул долбоор акыркы эки жылда биз жасаган иштердин жыйынтыгы болду. Негизги максат – акыркы эки жылда биз иштешкен адамдардын баардыгын бири-бирине бириктирип, байланыштыруу. Ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында иштегиси келген жаңы адамдарды жана жаштарды тартуу болду. Долбоор негизинен адам укуктары жаатында жакшы иштеп келаткан биздин жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан турмушка ашырылууда. Алар бийлик тарабынан кызмат абалынан пайдаланууга, кыйноолорду колдонууга жана мыйзамсыз камоолорго каршы иш жүргүзүшөт. Алар ошондой эле тынч митинг, акция өткөргөндөрдүн укуктарын коргошот. Өнөктөштөрүбүз андан тышкары жергиликтүү калк көтөргөн тигил же бул маселени чечүү багытында да иштешет.

- Анжияндагы окуялардан кийин Жалалабат облусунун аймагында ушул тапта 450дөй бозгун баш калкалап жатышат. Алардын адамдык укуктары кандай корголуп жатат?

- Бул эми Өзбекстандан качып келгендер үчүн дагы жана ал бозгундарга лагер ачып берген жергиликтүү тургундар үчүн дагы оор учур. Ал бозгундардын укуктарын коргоо жаатында эларалык дагы, жергиликтүү дагы эреже-нормалар бар. Ошол эле маалда ал бозгундар дагы жергиликтүү элдин адам укуктарын бузбашы керек. Албетте Кыргыз өкмөтү бозгундардын адам укуктарын коргоо жаатындагы баардык милдеттемелерин так аткарышы керек. Азыр кыргызстандыктар эгерде бул бозгундардын ордунда биз болуп калсак эмне болот эле деп, абалды туура баалашы керек деп ойлойм.

- Акыркы суроом – Стюарт мырза, жаңы өкмөткө, 10-июлда шайланаар жаңы президентке кандай кеп-кеңеш, акыл айтаар элеңиз?

- Негизги кеңешим – Кыргызстанда адам укуктарын коргоо жаатында күчтүү коалиция түзүү керек. Анан да Кыргызстандын экономикалык-социалдык проблемаларын чече турган ынтымактуу бир команда түзүш керек.

- Маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG