Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Автожолдордун абалы начар


БИШКЕК. Кыргызстандын Унаа жана байланыш министрлигинин карамагына 18819 чакырым автожол кирет. Каржы министрлиги тарабынан жол фондусунун каражаттарынын бештен бир бөлүгү гана жолдорду оңдоого бөлүнөт, ошондуктан учурда каражаттын жетишсиздигинен автожолдордун акыбалы начар. Адистердин айтымында, жылына өлкө аймагындагы кан жолдордун 200 чакырымы керектен чыгууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан 22-июнда билдиришти. Алардын маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө 1 чакырым жолго жылына 2 миң АКШ доллары сарпталса, Кыргызстанда 1 чакырым жолго 218 доллар гана жумшалат. Учурда 5 миң чакырым таш төгүлгөн жолго 1,25 млрд. сом, 3 миң чакырым асфальталган автожолго 12 млрд. сом сарпталышы керектигин адистер эсептеп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG