Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Каракечеде нааразылык акция уланууда


НАРЫН. Жумгал районундагы Каракече көмүр кени 6-июндан бери район тургундарынын колунда калууда. 22-июнда «Азаттыкка» «Жоомарт» кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев билдиргендей, эл бул жерден алардын талаптары чечилмейинче отурат. Жумгал районунун тургундары Каракече көмүр кенинин 70 пайызын райондун тургундарына, ал эми 30 пайызын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү сунуш кылышууда. Элдин нааразылык чарага чыгышына көмүр казуучу «Беш сары», «Акжол» фирмаларынын, «Мээрим» фондунун эмгек жана экологиялык коопсуздуктарды сактабай, жолдорду бузуу менен иш жүргүзүп келгендиги себеп болгон. Буга чейин Каракечедеги чыр-чатакты чечүү үчүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин башында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Бирок комиссия маселени чече алган жок. 21-июнда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөв Жумгалдагы пикетчилерди сүйлөшүү үчүн Бишкеке келүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG