Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Өзбек бозгундары К. Бакиевге кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. Өзбек бозгундары Бириккен Улуттар уюмунун качкындар Конвенциясын аткарган Кыргызстанга ыраазы болуу менен, тартип коргоо органдарынын Өзбекстанга кетүүгө үндөгөн аракеттери убактылуу президентке кайрылууга мажбурлаганын билдиришти. 9-июнда лагерден чыгарылып кеткен 16 адамды алгач жайгаштырган ички иштер бөлүмүнө бозгун эки аксакал менен Улуттар уюмунун качкындар боюнча өкүлү киргизилбей, алар лагерден 16 адам үчүн төшөнчү алып келгиче төрт киши Өзбекстандын коопсуздук кызматына берилгенине нааразы болушту. Ал төрт адам биз сыяктуу эле Анжияндагы митингдин катышуучулары жана 13-майда өзбек бийлиги өз элине жасаган кылмыш менен кан төгүүнү дүйнөлүк коомчулукка ачык айткан адамдар болчу жана мындай мыйзамсыздыктар адам укугун одоно бузуу менен барабар. Анжиян окуясына тиешелүү адамдар акыл-эс менен Кудайды эстеп, биз тарткан түйшүктү түшүнгөн болсо, мындай жолго барбас эле, деп жазылган кайрылууда окуяны териштирүү өтүнүчү коюлган.

XS
SM
MD
LG