Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Өзбек качкындарынын дагы бир тобу Өзбекстанга берилеби?


БИШКЕК. 22-июнда «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Жалалабаттагы качкындар өзбек тарапка өткөрүлүп берилиши мүмкүн деген маалымат Хьюман Райтс Уотч уюмунун ушул күндөрү Жалалалабатта жүргөн өкүлү тарабынан айтылгандыгы тууралуу «Азаттыкка» мындайча маалымдады:

- Жалалабат облусундагы өзбек канкындарынын жанында жүргөн Хьюман Райтс Уотч уюмунун өкүлү Шильц бизге телефон чалып, бүгүнкү күндө дагы бир бозгундар тобун Өзбекстандын атайын кызматтарына өткөрүп берүүгө даярдык көрүлүүдө деп билдирди. Кырдаал мына ушундай болуп жатат.

Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун орун басары Таалай Кыдыров Төлөйкан Исмаилованын маалыматын четке кагып, Кыргызстан качкындар боюнча өзүнө алган милдеттемелерин аткарат деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG