Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

ЖОЛУ, ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ, МЕКТЕБИ ЖОК КЫЗЫЛБЕЙИТ АЙЫЛЫ


Кыргызстанда 21-кылымда да электр кубаты жетпеген, мектеби, жолу жок, тыш дүйнөдөн обочолонуп калган Кызылбейит деген айыл бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Жалалабаттын Аксы районунда жайгашкан бул айылда электр жарыгы өмүрү болгон эмес. Эң негизгиси - тыш дүйнө менен байланыштырган жолдун жоктугу. Айылдыктар сегиз чакырым ылдыйдагы Нарын дайрасына дейре жөө басып, бул жердеги жалгыз кайык аркылуу гана тыш дүйнөгө чыга алышат.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын 47 пайызы жакыр жашайт. Жакыр жашагандардын негизги бөлүгүн айыл калкы түзөт. Биз сөз кылчу Кызылбейит айылы да өлкөдөгү эң жакыр делген айылдардын катарында.

Автоунаа каттай турган жол жок болгондуктан бизге аталган айылга жетиш үчүн кайык менен өзөндү сүзүп, андан соң тоодогу жалгыз аяк жол менен сегиз чакырымдай жөө жүрүүгө туура келди. Айылда 40ка жакын түтүн бар, орто эсеп менен 230 чакты адам жашайт.

Бул айылдын көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан негизги көйгөйлөрүнүн бири -электр энергиясынын жана жолдун жоктугу. Кызылбейиттин өзүнчө “арал” болуп калганынын себептерин айылдын тургуну Абдраман Эшимбеков мындай негиздеди:

- Союз ыдырагандан кийин ушул “аралда”, суунун аркы өйүзүндө калып калдык. Бул жерде маселелер көп. Бирок элге алгач ирет электр жарыгы керек. Мындан тышкары бизде жол маселеси өтө курч турат. Өзөндү сүзүп өтүш үчүн бир эле кайык бар. Мына акыркы жылдары ушул сууну сүзүп өтөбүз деп канча адамдар кайык менен чөгүп кетишкен. Бул жерде билим ала турган мектеп да жок. Ал эми маалымат тууралуу айтсам, бизде маалымат деле жок. Гезиттер келбейт, электр энергиясы жок болгондуктан үналгы эмне экенин билбей деле калдык. Маалыматтын бир гана булагы- мына бул радио, ага батарейка сатып келип угабыз. Негизинен “Азаттыкты” угабыз.

Айыл тургундарынын билдиргенине караганда, айылда медициналык тейлөө пункту да жок. Ошол себептен ооруга дуушар болгондор кыйын абалда калышат. Бул маселе тууралуу Кызылбейит айылынын тургуну, 87 жаш курактагы Бөкөй апа мындай пикирин айтты:

- Мен бул айылда туулганымдан тартып эле жашап келатам. Менин ата-бабаларым да ушул жерде жашаган. Пенсиябыз бир айда бир келет, ал келгиче такыр эле тукур болуп калабыз. Пенсия келип калса, кичине шекер, туз алабыз. Бул айылда бир да медициналык пункт жок, жок дегенде бир мээрман келип, эмне дары керек деп сурап койсо деле болоор эле да. Бирок эч ким келбейт. Эмне биз аркы дүйнөгө кеткенде келишеби?

Айыл тургундарынын 30 пайызы - жаштар. Айылда бир да мектеп жок болгондуктан көбүнүн билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Жаштар билим ала албай жаткандыгына абдан өкүнүшөөрүн 24-жаштагы Гүлчоро аттуу жигит төмөндөгүчө тастыктады:

- Караганыбыз төрт эчки болсо, аны да кредит аркылуу алдык. Биздин айылдан деле билимдүү адамдар чыкса жакшы болбот эле. Жок дегенде өзүнүн оокатына тың болот эле да. Мисалы мен 11 жылдыкты бүткөн эмесмин, болгону 8 жыл окудум. Окуш үчүн каражат керек. Чынында биз абдан артта калып жатабыз. Биз деле окугубуз келет, биз деле жакшы турмушту каалайбыз. Бул жерде эч нерсе жок, маалымат жок, ушинтип эч нерсе билбесек биз үчүн жол жабык. Эч ким жардам бербейт.

Айыл калкы мамлекет тараптан колдоо көрсөтүлбөй келгенин баса белгилешти. Ошентсе да бул айылдын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында Бириккен Улуттар уюмунун жакырчылыкты жоюу программасынын алкагында жардам көрсөтүлүп жатканына Акжол айыл өкмөтүнүн башчысы Келдей Сатыбеков мындайча токтолду:

- Акыркы жылдары элдин ишенгени Бириккен Улуттар уюмунун жакырчылыкты жоюу программасы болуп калды. Убагында мамлекет буларга жер берген жок, анан кантип мамлекет жардам берет деп айтабыз. Көп эле келип убада беришет, жол жасап беребиз, кичи ГЭС куруп беребиз деп, бирок бул убадалар сөз бойдон эле калып келе жатат. Ал эми биздин айыл өкмөтүндө каражат жок.

XS
SM
MD
LG