Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү «Кыргыз туусу» гезитин сотко бере тургандыгын билдирди


ОШ. “Кыргыз туусу” гезитинин 21-июнундагы санына жарыяланган журналист Дайырбек Меймановдун макаласында президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмамбет Матубаримов жергиликтүү бийлик органдарына адистерди дайындоого аралашып, кызмат орундарын сатуу менен алектенип жатат деген мааниде маалымат басылган. Алмамбет Матубраимов мындай маалыматтын басылышын анын саясий беделин жаман аттуу кылууга багытталган айрым атаандаштарынын буюртмасы катары баалай тургандыгын билдирди. Алмамбет Матубраимов маалыматтын чын төгүнүн далилдеп берүү максатында жогоруда аталган басылманы жана макаланын авторун жакынкы күндөрдө сотко бере тургандыгын жарыялады. Алмамбет Матубраимов мындан сырткары аталган гезит маалыматтын булактарын иликтеп чыгып, кимдер жогорудагыдай макаланы буюртма берүүгө кызыкдар болсо, ошол адамдар жөнүндө макала даярдашын сот аркылуу талап кылаарын да билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG