Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Жусупбек Шарипов президенттикке талапкерликтен баш тартты


23-июнда президенттикке талапкер Жусупбек Шарипов талапкерликтен баш тартты. Ал бул тууралуу кайрылуу таратып, анда Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригишинен кийин өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо чечимине келгендигин жарыя кылды. Кайрылуусунда мындан бир нече күн мурун Курманбек Бакиев менен жолугуп сүйлөшүүдө экөөнүн көп көз караштары төп келээрине ишенгендигин да билдирди. Андан тышкары азыр эл талашты эмес акыйкаттык, тартип жана коопсуздукту камсыз кылууну талап кылып жаткандыктан өзүнүн жоопкерчилигин сезип, марадан чыгуу чечимине келгендегин белгиледи. Эми президенттик үчүн 6 талапкер ат салышат.

XS
SM
MD
LG