Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Үсөнов менен Бабанов кармашы эмнени ачат?


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун менчиги деп парламентте жарыя кылган ишкана ээлери депутатка каршы сотко до арызы бериши мүмкүн. Бул тууралуу 23-июнда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов билдирди. Анын айтымында, депутат жарыя кылган ишканалардын ага эч кандай тиешеси жок жана алардын ээси ким экендигин сот териштире алат. Андан тышкары Үсөнов Бабанов элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүнүн мыйзамсыз ээ болгон байлыгын жоготуудан коркуп, ушундай билдирүүлөрдү жасап жатат деп кошумчалады. Ал эми депутат Өмүрбек Бабанов экс-президент Аскар Акаевдин үй, мүлкүн иликтеген комиссия Үсөнов үчүн башка ишкерлердин байлыгын иликтөөчү орган болуп калды деп 21-июнда билдирип, Үсөновго тиешелүү делген бир нече ишкананын салыкты толук төлөбөгөндүгүн жарыя кылган болчу.

XS
SM
MD
LG