Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Жогорку Кеңеште талкуу улантылды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 23-июндагы отурумунда өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык абал боюнча талкуу улантылды. Бул күнкү жыйында ондон ашуун депутат чыгып сөз сүйлөштү. Алар март ынкылабынан кийин бийликке келген өкмөттүн дарегине сын-пикирлерин айтышты. Айрым депутаттар жаңы өкмөттүн өлкөнүн экономикасын жакшыртуу боюнча ачык план-программасы жок экендигин айтышып, өлкөдө коррупция мурдагыдай эле гүлдөп, өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Ал эми айрым депутаттар мамлекеттик коррупция, социалдык-экономикалык оор абал он беш жылдык саясаттын жыйынтыгы экендигин айтышып, аны эки айдын ичинде ондоп жиберүү мүмкүн эмес экендигин белгилешти. Талкуу 24-июнда улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG