Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Багдаддын борборунда бүгүн 3 бомба жарылып, кеминде 15 киши каза болду, 28и жаракат алды


3 машинага колган бомбалар дээрлик бир мезгилде жардырылган. Бир автомашина полициянын патрулун бутага алган деп маалымдалууда. Экинчиси шийилердин мечити жанында, үчүнчүсү баш калаадагы борбордук көчөлөрдун биринде жарылды.

Рамадиде болсо бүгүн америкалык 3 аскер окко учту. Ушул эле күнү жолдун боюна коюлган бомба япониялык контингенттин автомашинасы өтүп бараткан кезде жардырылган. Кабарларга караганда, каза тапкандар болгон жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG