Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

БАЗАРЧЫ БОЛУП ЖАН БАГЫП, ЫРЧЫ БОЛУП ӨРКӨНҮ ӨСКӨН НАСИБА


Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндөй эле, Тажикстанда да миңдеген улан-кыздар жаштайынан иштеп жүрүшөт. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Тажикстанда 5тен 14 жашка чейинки балдардын дээрлик 20 пайызы ар кандай жумуштарда иштешет. Алардын көбү - багаар-көрөөрү жок, көчөдө калышкандар. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Фируз Баротов Дүйшөмбү калаасында базарда соода кылып жүрүп, оозго алынган музыкант жана үйлөнүү тойлордун көркүн ачкан ырчы болгон бир кызды кезиктирген.

Насиба Хомидова үйлөнүү тойлордо ырдап, таблакта ойноп, жан багат. Анын музыкалык шыгы өзүн да, бир туугандардын да бечаранын турмушунан куткарып калды.

Азыр 18 жашка чыккан Насиба энесинен эрте ажыраган. Өзүнөн да кичүү ини-сиңдилерин багыш үчүн 10 жашынан тартып базарда иштейт:

– Жашоо кыйын эле. Менин кесибим жок болчу, ошондуктан базарга чыгууга мажбур болдум, башында кийим-кечек сатып жүрдүм. Кийин жашылча-жемиш саттым.

Чыканактай кыз чоң-чоң каптарды көтөрүп алып, базарга жашылча-жемиш ташычу, күндө таң азандан базарга бармай, көз карайганда кайра үйгө кайтмай. Эртең менен ини-сиңдилерин ээрчитип алып, бирлерин мектепке таштап, бирлерин өзү менен базарга ээрчитип кетет. Баары аз келгенсип, милийса бура бастырбай, мазени алышчу.

- Эртеден кечке базарда отурган азаптын азабы эле. Милийса бизди кууп чыкчу. Бир күнү бир бирдемке сатып, тыйын-тыпыр таап алчубуз, башка күнү кур кол кайтчубуз. Базарга да кириш акысын төлөш керек эле.

Ошентип Насиба окуудан калып, 5-6 жыл базарда иштеди. Эч качан бир күндө бир доллардан ашык акча тапчу эмес. Ушул жарыбаган акчага кыз атасын, чоң ата-чоң энесин, инилерин, сиңдилерин тоюндурчу. Бир күнү Тожиддин деген активист жигитке жолуккандан тартып, Насибанын жашоосу таптакыр башка нукка түштү.

Тожидин Жалолов "Жаш муун" деп аталган коомдук уюмдун координатору. Жаш активисттин айтымында, Тажикстандын баш калаасында көчөдө калган 2 миң чакты жаш балдар бар. Алардын саны жай айларында айрыкча көбөйөт. Алар Тажикстандын ар кыл айылдарынан жумуш издеп келишет. Насибанын жолу болуп, Америка Кошмо Штаттары каржылаган "Жаш муун" уюмунун сабатсыздыкты жою программасына кошулду. Бир эле убакта таблакта ойногонду үйрөндү. Азыр ал көчө балдарына таблактан сабак берет.

Тахриддин Насибанын 15 чакты шакриттеринин бири:

- Мен да базарда иштечүмүн. Бул жакка кесип үйрөнгөнү келдим. Мен мыкты таблакчы болгум келет, анткени таблакчыны баары тааныйт, баары сыйлашат.

Бүгүн Насиба "Жаш муун" борборунда айлык алат, бир эле учурда таблакта ойноп, ырдап да акча табат. Аны той-топурга, айрыкча, аялдар өздөрүнчө чогулган жерлерге көп чакырышат. Насиба кээ бир күндөрү 40-50 доллардан табат, ал музыкант болгондон бери элдин да мамилеси өзгөргөн:

- Мурда мага "базарда өрүк саткан бир байкуш" деп карашчу, азыр болдо, мына өз нанын өзү таап жейт" деп айтышат.

Насиба күндө төрт сааттан таблакта ойноп, көнүгөт, музыкалык билимин улантсам дейт, кайра туруп кичинекей балдарга ыдык көрсөткөн милийсаларды башкарган иште иштегиси келет. Быйыл ал салык жана мыйзам университетине тапшырууда, ал эми окуу башталганда машина айдаганды үйрөнгөнү жатат. Насиба кабарчы менен сүйлөшүп турган маалда чөнтөк телефону шыңгырады. Дагы бир тойго таблак ойноп бер деп чакырып жатышыптыр, Насиба шашылыш коштошуп, үйлөнүү үлпөтү өтө турган жердин дарегин жаза баштады.

XS
SM
MD
LG