Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ: КАЧКЫНДАР КАЙТАРЫЛСА, КЫСАСЫ КЫРГЫЗСТАНГА КАЛАТ


Кыргыз бийликтери жакынкы аралыкта анжиандык качкындар арасынан 29 кишини Өзбекстанга кайтарып бергени жатышат. Ырасмий Бишкектин мындай пландарына байланыштуу Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан, адам укуктары жана качкындар боюнча комиссияларынын жетекчилери катуу камтамачылыгын билдиришти. Мындай кадамды алар аталган чөйрөдө Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканы катары баалай тургандыгын эскертишти.

Ырасмий Бишкек анжиандык качкындардын жоон тобун Өзбекстанга өткөрүп бергени жатканын 23-июнда Башкы прокурор Азимбек Бекназаров бышыктады.

Кыргыз прокурорунун билдирүүсүн комментариялап, ООНдун качкындар боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Руперт Колвилл бул иште кыргыз бийликтери шашкалактап, кооптуу иш жасаганы жатат деп билдирди.

Андан бир күн мурда ООНдун Баш катчысы Кофи Аннан атайын билдирүү таркатып, Кыргызстанды качкындар статусу боюнча эл аралык конвенциянын талаптарын так аткарууга чакырган эле. Ушундай эле чакырык менен ООНдун адам укуктары жана качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлары Луиза Арбур менен Антонио Гутеррес да кыргыз бийликтерине кайрылышты. Арбур айымдын айтымында,эгер качкындар кайтарылса, алардын өмүрү коопто калат. Качкындар боюнча комиссардын өкүлү Руперт Колвилл бул өтө кайгылуу иш болорун эскертти. Эгер Башкы прокурор айткандай, качкындар чын эле кайтарыла турган болсо, анда Кыргызстан эл аралык мыйзамдарды одоно бузган өлкө аталып, беделин мертинтип алары турган сөз, буга чейин бул өлкөнүн өтө жакшы делинген зоболосуна катуу доо кетет, деп айтты Колвилл.

Ташкен бийликтери 130дан ашуун адамды Өзбекстанга өткөрүп берүүнү Бишкектен талап кылып, алардын баарын “Анжиандагы террорду уюштургандар жана ага катышкандар” деп атады. Айрым маалыматтарда, алардан бир нече киши буга чейин эле Өзбекстанга өткөрүлүп берилгени айтылат.

Улуттар Уюму Өзбекстанды камак жайларында системалуу түрдө кыйноо ыкмаларын колдонгон өлкө деп эсептейт. Human Rights Wath уюмунун Борборазия боюнча өкүлү Акейша Шилдс ушул жагдайды эске салып, эгер өкмөт эл аралык коомчулукка желкесин салып, адамдарды кызылдай кыйноого жөнөтө турган болсо, анда бул Кыргызстандын тарыхындагы өтө осол иш болорун эскертти.

Бирок Кыргызстандын Башкы прокурору Бекназаров мырза эл аралык укук коргоочу уюмдар качкындар менен кылмышкерлерди чаташтырып жатат деп ойлойт. Буга байланыштуу Шилдс кыйноо ыкмаларына каршы эл аралык конвенциянын айрым талаптарын эске салды. Ага ылайык, башка тарапка качып өткөнгө чейин өз өлкөсүндө кылмышкер деп саналган адамдардын иши сотто, болгондо да кыйноо ыкмаларын колдонбогон өлкөдө териштирилиши керек. Конвенциянын ушундай талаптарына карабай кыргыз өкмөтү өзбек бийликтери кылмышкер деп эсептегендерди өткөрүп берсе, Кыргызстанга мунун сөзсүз салакасы тиет, деп кошумчалады Шилдс.

Кыргызстан ООНдун эки конвенциясына тең кошулган. Анжиандан качып чыккан 500дөй адамды өкмөт адегенде Сузак районунда чек арага чукул жердеги лагерге жайгаштырган эле. Бирок алар кийин башка жерге, Жалабад шаарына жуук жайга көчөрүлдү. Качкындардын көбү Өзбекстанда бийлик алмашмайынча Анжианга кайтып барбай турганын айтышат.

XS
SM
MD
LG