Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Ооганстанда парламент депутаттыгына талапкерлердин бири киши колдуу болду


Кол салуу өлкөнүн борбордук Урузган провинциясынын аймагында жасалган. Талибан согушкерлери Мохаммед Вали аттуу саясатчы менен катар анын эки жаксакчысын да жайран кылышкан. Парламенттик жана жергиликтүү шайлоо Ооганстанда сентябрь айына белгиленген.
Ал эми Ооганстандын түштүк- батышында ооган жана АКШ аскерлери биргелешкен операция өткөрүүдө, кечээ алар Талибандын кээ бир лидерлери жашырынып жатышы мүмкүн деген районду курчоого алды. Ооган ички иштер минстрлигинин өкүлү Латфулла Машалдын билдиргенине караганда, жергиликтүү жана АКШ аскерлери өлкөнүн түштүк тарабынан ушул апта ичинде Талибандын 100дөн ашуун согушкерин жок кылды.

XS
SM
MD
LG