Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Иранда бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Президенттик шайлоонун эки айлампада менен өтүшү Иран үчүн буга чейин болуп көрбөгөн окуя. Анда өлкөнүн мурдагы президенти, байыстуу динаятчы катары эсептелген Али Акбар Хашеми Рафсанджани менен Тегеран шаарынын мэри, исламчыл консерватор Махмуд Ахмадинеджад аттандашмакчы. Үгүт кампаниясы мыйзамга ылайык добуш берүүдөн 24 саат мурда токтогон. Рафсанджани кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Мохаммед Хатаминин реформаларын улантууну, ал эми Ахмадинеджад өлкөнүн мунай байлыктарынан түшкөн кирешени адилет бөлүштүрүүнү убада кылды. Аналитиктердин айтымында, Рафсанджанинин колдоочулары - ортоңку жана жогорку класстын либералдык маанайдагы шайлоочулары, ал эми Ахмадинеджадга жумушчу класс артыкчылык берет.

XS
SM
MD
LG