Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

МУРАТБЕК БАРЫКТАБАСОВ: “АК ҮЙДҮ ЭЭЛЕП АЛУУ ОЙДО ЖОК БОЛЧУ”


Учурда «Мекеним - Кыргызстан» кыймылынын лидери Урматбек Барыктабасов тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. 17- июндагы окуядан кийин Урматбек Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, анын жакын туугандарын, досторун куугунтуктоо болуп жатканын анын бир тууган агасы Муратбек Барыктабасов кабарчыбызга телефон аркылуу билдирип, чакан интервью берген.

- Муратбек мырза, сиздин иниңиз Урматбек Барыктабасов тууралуу коомчулукта кайчы пикирлер айтылууда. 17-июндагы окуянын башкы күнөөкөрү катары да айыпталууда. Бул окуя тууралуу сиз «Мекеним - Кыргызстан» кыймылынын Ысыккөл облусу боюнча координатору катары кандай пикир айтасыз?

- Маселенин баары мыйзамдын негизинде чечилиши керек эле. Азыр теле көрсөтүүлөрдөн, радио берүүлөрдөн, гезиттерден иним Урматбекти ар кандай жалаа жаап, каралап атат. Азербайжандан курал-жарак алып келди деп атат. Дагы толгон шылтоонун баарын Урматбекке шыбап жатышат.

-Айрым маалымат булактарында Урмат Барыкатабасов мурунку президент Аскар Акаев менен байланышы бар дешүүдө. Акаевдин колдоосу менен ушундай кадамдарга барды деп айтышууда. Бул жөнүндө эмне дейсиз?

- Акаевдер менен кайнаса каныбыз кошулбайт. Шалхар Жайсаңбаев менен байланышта болгон деп да жатышат. Айтып коеюун Урматбектин алар менен эч кандай байланышы жок болчу. Баары билишет, биз 1994-жылы Аскар Акаевдин режимине каршы болгонбуз. Ошол себептен куугунтукталып, чет жерде убактылуу иштөөгө аргасыз болгонбуз. Азыр кээ бирлер айтып атышат, Урматбек Барыктабасовду 1994-жылдан бери кайда жүрдүң эле деп. Мен айтар элем, так ошол учурда дагы ушунтип аргасыздан жашынып жүргөн Урматбек. Көрүнгөн жалаанын барын ошондо да жаап, жалаң жогорку бийликтегилер бузуп атат. Элге эч кимдин саясый оюндарынын кереги жок. Элге жумуш керек, өнүккөн экономика, тынччылык керек. Бул жерде башка күчтөр Урматбекти жалаага жаап жатканын айрым депутаттар айтып кетти, аларга ырахматымды айтам. Кыргыз элине ыраазыбыз, калыс пикирлерин айтып жатышат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дешет, акыйкаттык акыры ачыкка чыгат. Урматбекти колдоп, акыйкат шайлоо өтсүн деген элди ошол жерден газ менен, резина октор менен атып атса да, таяк менен сабап кубаласа дагы эл калыстыгынан тайбады. Мен айтаарым, урматтуу Курманбек Салиевич, Феликс Шаршенбаевич, эмне үчүн ушундай жолго алып келип атасыңар. Кыргызда илгертеден айтылган сөз бар, «хан болгондо эски өтүгүн төрүнө илип койчу, кайдан чыкканыңарды унутпагыла» деп эскертип турчу.

-Муратбек мырза, 17-июнда пикетке чыкканда кандай талаптарды алдыга коюп чыктыңыздар эле?

- Акүйдөгүлөр Акаевдин режиминен өзүңөр жаңы эле кутулдунар эле го. “Президенттик шайлоо акыйкат өтсүн. Бардык талапкерлер бирдей шайлоого үгүт жүргүзүп, бийлик бутактары кийлигишпесин” деген талаптар менен чыкканбыз. Бийлик өкүлдөрү эл менен сүйлөшпөй, диалогго чыкпай коюшту, биз аларды канча чакырдык. “Биз бийликти Урматбекке берсин, Урматбек президент болот” деп талап койгон эмеспиз. Биздин талап, “Курманбек Бакиев отставкага кетип, жумушун өткөрүп берсин, жалпы шарт- жобо менен шайлоого катышсын, шайлоо калыс өтсүн” деген болчу. Анткени шайлоодон кийин дагы нааразычылык пайда болот. Деги кандай түшүнбөгөн немелер? Эртеңки күндө шайлоодо Курманбек Бакиев өткөн күндө да элдер нааразы болот. Эмне үчүн жалпы талапкерлер менен бирдей шартта өткөн жок, Бакиевдики туура эмес, легитимдүү эмес деп чыгышат элдер. Анткени ал президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп административдик ресурс менен пайдаланып, шайланган деп чыгышат.

-Учурда азыркы бийлик тарабынан сиздерге куугунтуктоолор болуп жатабы?

- Менин айттарым, учурдагы бийлик басым жасап, куугунтуктоосун токтотсун. Азыр Балыкчы шаарынан, жер- жерлерден көрүнгөндөрдөн маалымат алып жатам. Аябай куугунтук кылып жатышат, издөө салып атат, балдарды камап, суракка алып атышат. Криминалдык элементтерди бизге тукуруп, алар да аябай издеп атышат. Урматбек жалгыз эмес, артында аны колдоого алган элдер турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG