Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

ӨКМӨТТҮН ҮМҮТҮН АРТЫНГАН ЭКОНОМИКАЛЫК 5 БАГЫТ


Жаңы өкмөт быйыл кошумча 5 миллиард сом чогултуп, эмдиги жылдын бюджетин эки эсе көбөйтүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн жыл сайын ички дүң продуктту 7 пайыздан кем эмес көтөрүү милдети турат. Бюджеттин киреше бөлүгүн 20 пайызга чейин көбөйтүп, чыгашаны 10 пайызга азайтуу милдетин алдыга коюуда.

Ушу тапта 5 миллион калкы бар Кыргызстанда Орусиядагыдай эле 14 министрлик күжүлдөп иштеп, башкаруунун төрт тепкичтен турган шатысында баш-аягы 23 миң чиновник бюджеттен акча алып, мамлекеттин колун карап отурат. Башкаруу системасын реформалоонун аркасында алдыдагы эки-үч жыл ичинде өкмөт чиновниктердин санын 13 миң адамга кыскартып, ордун сактап калган 10 миң аткаминерлердин айлык маянасын көтөрүп, ага кошуп эгер маселе оңунан чечилип калса айтылуу Жорж Соростун чөнтөгүнөн дагы акча төлөп бермекчи.

Кыргызстандын Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров бул маселе административдик реформа ийгиликтүү жүргүзүлгөндөн кийин гана чечилчү иш дейт.

- Бул оңой-олтоң иш эмес. Июлдун онунан кийин кыргыздарда кандай болуп кетет деп Ж.Сорос деле күтүп атса керек. Грузияда Ж.Сорос коррупцияга каршы акча деп койгон, ар бир министрге 1200 доллардан, жөнөкөй кызматкерлерге 300 кем эмес кошумча акча төлөп берип турган. Бирок ошону менен бирге эле айтып коюшум керек. Грузияда коопсуздук менен ички иштер министрликтерин кошуп туруп бир күнү 13 миң милицияны жумуштан бошотуп койгон. Ошонун негизинде гана калганына ошондой кошумча акча берген. Ал эми бизде, кыргыздарда болсо, бир да кишини кыскартпайбыз, бирок ошончо миллион бер десек ал киши деле көнбөйт болуш керек.

Ашка-жүк, башка-жүк аткаминерлердин санын азайтуу, борбор менен айыл, шаар ортосунда гана башкаруунун эки тепкичин калтырып коюу бюджет тартыштыгын жоюп ие албаганы менен коррупцияны тизгиндөөгө чоң огожо болору турган иш.

Жаңы өкмөт экономиканы алдыга жылдыруу үчүн негизги багыттар катары айыл чарбасында кайра иштетүүнү жайылтуу, энергетика секторун өнүктүрүү, орто, кичи бизнеске колдоо көрсөтүү, салык жыйноо, төлөмдөрдү чогултууну жакшыртуу, салык өлчөмүн азайтуу аракетин көрүп, курулуш иштерин кескин жогорулатуу максатын коюуда.

Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун айтымында, өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыйласын көтөрчү 200 чукул ишканалар менен түздөн-түз иштөөсү керек.

- Бир эки жүздөй компания бизде 70 пайыз салык берет. Ошол 200дөй компания менен 500 салыкчы иштеш керек. Салыкчылар курут сатып отурган кичинекей абышка-кемпирлерди куубай, кыргыз элин курутуп кете турган, качып кете турган компанияларды сырттан акмалап карап турушу керек. Анан ушунун негизинде биз салыкты жылына 10 – 20 пайыз көбөйтүп отурсак, 4 –5 жыл ичинде салыкты 100 пайыз көбөйтүп алсак болот.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жаңы өкмөт быйылкы жыл аягына чейин бюджетке кошумча 5 миллиард сом жыйноого мүмкүнчүлүгү бардыгын айтып, эгер айтылган сөз ишке ашпай калса кызматын таштап кетерин парламентте жарыя кылды.

- Салыктар, бажы боюнча жылдын аягына чейин 1 миллиард, бир жарым миллиард сом кошо алабыз. Кытайдан бизге берген жардам, 90 миллион юань, 450 – 500 миллиондун тегереги. Биз Париж клубу менен баягы карыздарды жоюу маселесинин үстүндө катуу иштеп атабыз. Кудай буюрса, 30-сентябрга чейин чечимге чыгышыбыз керек. Донор өлкөлөр менен тышкы карызды кайтарып берүүнүн пайызы азыраак болот. Баарын пункт-пункт боюнча аткарсак, 5 миллиард жөнеле болот.

Данияр Үсөновдун ырасташынча, 24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстанда иш жүргүзүп аткан инвесторлор кетишкен жок. Бирин-экин казино ачкандар гана кетишти. Бирок алардан салыкка түшкөн акча аз болчу.

Быйыл сентябрь айында Эларалык валюта кору Кыргызстандагы натыйжалуу башкаруу, жакырчылыкты азайтуу боюнча үч жылдык программасынын алгачкы этабынын жыйынтыгын чыгарат. Ага ылайык Кыргызстандын тышкы карыздарынын кыйласын кечүү, калганын төлөп берүүнү кийинкиге жылдыруу маселесин карайт.

XS
SM
MD
LG