Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, июнь айынын 25нен 28не чейин тынымсыз жааган жамгырга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлүүдө.

25-июнда Кыргызстандын аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +22...+27 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн +13...+18, күндүз +20...+25 градус.
Баткен, Ош, Жалалабат чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +17...+22 градус, күндүз +24...+29.
Ысыккөл, Нарын аймактарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24 градус жылуу.
Бишкекте маал-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +24...+26 градус

Кабарлар топтомун Айданбек Акмат уулу, Бурулкан Турдубек кызы жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG