Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

13-июнда «Алай» мейманканасынын алдында адамдарга каршы ок чыгарган деп шектелгендердин экөөсү кармалды


ОШ. Бул жөнүндө “АКИ-пресс Фергана” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирген Ош шаарынын прокурору Талантбек Кожонов “Калашников” автоматынан ок чыгарган деп шектелгендердин дагы экөө издөөдө экендигин жана жакынкы күндөрдө кармала тургандыгын белгиледи. Шаар прокурору учурда колго түшкөн эки адамга карата ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, пайдалануу жана адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айыптоонун негизинде кылмыш иши козголгондугун билдирди. Мейманкананын алдына чогулган адамдарга карата ок чыгаргандар кеңири коомчулукка өткөн жумада белгилүү болду. Жергиликтүү “Ош-3000” телекомпаниясы колуна курал алып атып жүрүшкөн адамдардын элеси тартылган видеотасманы көрсөттү. Видеотасма “Алай” мейманканасынын алдындагы окуяны толук чагылдыргандыгын шаардын прокурору Талантбек Кожонов да ырастады. Мындан сырткары Талант Кожонов мейманкананы тинтүү учурунда бир канча ок дары, күйдүрүүчү суюктук куюлган бөтөлкөлөр жана “Иж-47” мергенчилик мылтыгы табылгандыгын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG