Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү болот


БИШКЕК. 27-июнда Ташкент шаарында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги сүйлөшүүсү башталат. Бул тууралуу кыргыз делегациясынын мүчөсү, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов 24-июнда билдирди. Ал «Агым» гезитине 24-июнда Асыкбек Оморовдун Кыргызстан буга чейин 147 участокту Өзбекстанга ижарага берген деген маалыматына токтолуп, биз Оморовду ал айткан аймактар боюнча документтерди бизге алып келип берүүнү жана керек болсо өкмөттүк делегациянын курамына Оморовдун кирип иштөөсүн сунуштайбыз. Бирок негизсиз сөздөр менен калкты бушайманга салбоону Оморовдон өтүнөбүз, деп белгиледи Саламат Аламанов.

XS
SM
MD
LG