Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

АЙРЕКтин өкүлүнүн сөөгү табылды


БИШКЕК. Бейшемби күнү Ленин райондук ички иштер кызматынын оперативдүү тобу Ортосай айылынан 10 чакырым алыс жерден рекламалык АЙРЕК агенттигинин электрондук маалымат каражаттары боюнча бөлүм башчысы Святослав Ощепковдун сөөгүн тапты. Бул тууралуу «Кыргызинфо» агенттиги жазды. Тартип коргоо органдары Ощепковду май айынан бери дарексиз жоголгон адам катары издөө салган. Оперативдүү топ ал жашаган үйдөн компьютер жана башка буюмдар жоголгондугун аныкташкан. Ошондой эле автоунаасы да табылган. Маселенин чоо-жайы боюнча тергөө уланууда. Мындай факт катталгандыгын жума күнү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмү тастыктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG